Жээнбеков теолог Кадыр Маликовду кабыл алды. Эмне кеп болду?

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков диний аалым Кадыр Маликовду кабыл алды
Президент Сооронбай Жээнбеков диний аалым Кадыр Маликовду кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы мындан бир ай мурун жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугуп, анда диний кырдаалга байланыштуу маселелер көтөрүлгөн.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков диний аалым Кадыр Маликовду кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда мамлекеттик диний саясаттын артыкчылыктуу багыттары, мамлекет менен дин ортосундагы өз ара аракеттенишүү, ошондой эле диний сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу жөнүндө пикир алмашуу болду. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков диний аалым Кадыр Маликовду кабыл алды
Теолог Кадыр Маликов - Sputnik Кыргызстан
Президент Сооронбай Жээнбеков диний аалым Кадыр Маликовду кабыл алды

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 19-июлунда президент жарандык коомдун өкүлдөрү менен кезигип, анда теолог динге, бүгүнкү күндөгү кырдаалга байланыштуу бир катар маселелерди көтөргөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусу менен Ош шаарынын укук коргоо жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков соттор менен милицияга: элдин эсебинен жашаганды токтоткула!
Жээнбеков диний чөйрөнү мамлекеттик жөнгө салуу өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына ылайык ишке ашырыларын баса белгиледи. Ал ошондой эле динге карата мамлекеттик саясат мындан ары да бардык конфессиялар үчүн бирдей шарттарды түзүүнүн, ошондой эле диний жана светтик маданияттардын гармониялуу түрдө тынчтыкта жанаша жашоосун камсыз кылуунун негизинде улана турганын белгиледи.

Жолугушууда исламдын позитивдүү дараметин социалдык чөйрөдөгү көйгөйлөрдү чечүүдө, коомдогу руханий жана адеп-ахлактык чөйрөнү жакшыртууда, кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө пайдалануу зарылчылыгы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0