Кыргызстанда эл аралык жаштар форум-лагери старт алды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКыргызстандын желегин кармаган бала. Архив
Кыргызстандын желегин кармаган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анда кыз-уландар тоо арасында түрдүү долбоорлорду талкуулашат.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Кыргызстанда эл аралык жаштар форум-лагери өз ишин баштады. Бул тууралуу Жаштарды өнүктүрүү институтунан билдиришти.

Депутат ЖК Жанар Акаев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Акаев: жарандык коому күчтүү мамлекетте коррупция аз болот
Маалыматка ылайык, "Jashtyk: жаңы идеялар аймагы" аталышындагы иш-чара Чүй облусунун Ак-Суу капчыгайында 17-августтан 30-августка чейин өтөт. Ага кыргызстандык жана чет элдик 500гө жакын кыз-улан чогулуп, тоо арасында түрдүү тармактарга тиешелүү долбоорлорду талкуулашат.

Ошондой эле жаштар белгилүү инсандар менен жолугуп баарлашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0