Батуттун тешигине кирип кеткен наристе чарчап калдыбы? Окуянын чоо-жайы

© Фото / lindsayascottДевочка играет на батуте
Девочка играет на батуте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Наристенин батуттун тешигине кирип кеткен видеосу интернет айдыңын чуру-чууга салды.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Алматынын Жаркент шаарында ойноп жаткан наристе батуттун тешигине кирип кетип, бир өлүмдөн аман калды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазып чыкты. 

Наристе кыздын тууганы окуянын видеосун Instagram баракчасына жүктөп, калаа тургундарын сак болууга чакырган.

 

"Менин сиңдим Шахназ батутта ойноп жатып тешигине кирип кетти. Сыртка эптеп алып чыктык. Мен кандай абалда болгонумду элестете да албайсыңар. Кичинекей ханышам эки метрдей тереңдикке кулаган. Ичинде жылуу шамал уруп тургандыктан, керек болсо мен дагы көзүмдү ача алган жокмун. Араңдан зорго бутунан тартып чыктык. Сиңдимдин кыйкырганын айтпагыла. Эмнеге батуттар текшерилбейт? Биз ары жакка басып кеткенибизде эмне болот эле? Кудайга шүгүр, кызыбыз аман", — деп наристенин эжеси жазган.

Райондун акиминин маалымат катчысы учурда жараксыз батут алынганын айтып, наристе жабыркабагандыктан арыз түшпөгөнүн билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0