Бишкектин Токтоналиев көчөсү эки айга жабылат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖол белгилери. Архив
Жол белгилери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол ачылганга чейин Айтматов проспектиси альтернативдүү жол болмокчу.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Оңдоо иштерине байланыштуу борбор калаанын Токтоналиев көчөсү жабыла турганын шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-августтан тарта Токтоналиев көчөсүнүн Масалиев жана Ахунбаев көчөлөрүнө чейинки бөлүгү жабылат. Бул учурда Айтматов проспектиси альтернативдүү жол болмокчу.

Жолду оңдоо иштери 17-октябрда соңуна чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0