Сания Шакированын өлүмү боюнча биринчи сот кандай өткөнүн энеси айтып берди

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиГибель в ДТП "Миссис Мира" Сании Шакировой
Гибель в ДТП Миссис Мира Сании Шакировой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кийинки сот жараяны 23-августта болот.

БИШКЕК, 15-авг.— Sputnik. Бүгүн Ысык-Көл райондук соту "Дүйнө сулуусу" наамынын ээси Сания Шакирова каза болгон жол кырсык боюнча алгачкы соттук процесс өттү. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маркумдун апасы Насиба Мамбеталиева билдирди.

Мамбеталиеванын айтымында, сот отурумуна айыпталуучу, эки жактын жакындары жана жактоочулары катышты.

"Маанилүү деле иш каралбагандай сезилди. Окуянын күбөсү делген Тез жардам кызматынын унаасынын айдоочусу менен кызматкери суракка алынды. Алар окуя болгон жерге барганда унаасы бузулуп калып, Санияны ооруканага айыпталуучунун тааныштары алып кеткенин айтышты. Алар кызымды тиешелүү жерине жеткирген эмес. Сотто айыпталып жаткан айдоочуга суроо берилбеди. Анын үй камагына чыккандыгы тууралуу да сөз болгон жок", — деди Мамбеталиева.

Ал  соттун кийинки  отуруму 23-августта боло тургандыгын кошумчалады.

Эске салсак, 3-июндун түнүндө Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында айдоочу рулду башкара албай автоунаа мүрзөнү барып сүзүп, ичиндеги Сания Шакирова каза болгон.

Дүйнөнүн сулуу айымы — 2018 наамынын ээси Сания Шакирова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карыбайм, балдарымды чоңойтом! Бейажал кеткен Сания Шакирова тууралуу 7 факты
Айдоочунун кырсык болгон учурда мас экени аныкталып, эки айга камакка алынган.

Ал эми Ички иштер министрлиги унаанын айдоочусу  ИИМдин Атайылаштырылган коргоо кызматынын башкы башкармалыгынын Октябрь району боюнча мурдагы жетекчиси Азрет Кондубаевдин уулу экенин да тастыктаган.

Учурда айдоочу үй камагына чыгарылып, буга Шакированын апасы нааразычылыгын билдирген.

Белгилей кетсек, Сания Шакирова үстүбүздөгү жылдын апрель айында Miss Universe Beauty-2018 (Аалам чүрөгү-2018) эл аралык сынагында Missis World (Дүйнөнүн сулуу айымы) наамын жеңип алган. Ал 30 жашта эле, артында үч баласы калды. Мындан төрт ай мурда Sputnik Кыргызстан агенттигине келип маек куруп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0