Эки күндүк майрам! Ошто эл аралык жарманке өтөт

© Sputnik / Эмиль СадыровЖашылча жемиштер. Архив
Жашылча жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарада Кыргызстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстандын компаниялары өз продукцияларын коомчулуктун назарына сунуштайт.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Ош шаарында эл аралык көргөзмө-жарманке башталды. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Ош шаардык аянтындагы майрамдык концерт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күндө майрам, күндө той! Ошто 31-августка чейин ишемби сайын концерт болот
Маалыматка ылайык, "Юг Экспо-2018" аталышындагы иш-чара 15-август күнү башталып, 17-августта жыйынтыкталат. Ага Кыргызстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстандын компаниялары катышып, туризм, транспорт, айыл чарба, байланыш, машина куруу өңдүү бир катар тармактарга керектүү болгон продукцияларды коомчулуктун назарына сунуштайт.

Ошондой эле ишкерлер үчүн атайын конференция, талкуу жана жолугушуулар уюштурулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0