Балыкчы мэри Мамбетовдун Facebook баракчасы талкаландыбы? Мэрия эмне дейт

© Фото / пресс-служба мэрии города БалыкчиМэр города Балыкчи Алмаз Мамбетов
Мэр города Балыкчи Алмаз Мамбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернет колдонуучулар мэриянын маалымат кызматы бактарды кыюу боюнча сын билдирүүдөн кыйгап өткүсү келип жатканын жазышкан.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун Facebook тармагындагы расмий аккаунту талкаланып, адепсиз сөздөр жазылгандыгы тууралуу билдирүү муниципалитеттин социалдык баракчасына жарыяланды.

Пост түндө жүктөлгөн.

"Урматтуу Facebook колдонуучулары, Балыкчы шаар мэринин расмий баракчасы талкаланды. Бактарды кыюуга байланыштуу билдирүүлөр менен комментарийлер фэйк тарабынан жазылган. Чагымчылыкты көздөгөндөргө ишенбегиле", — деп жазылган билдирүүдө.

Анткен менен Асель Асель аттуу Facebook колдонуучусу билдирүүнү жана буга чейинки жазылган постторду скриншот кылып, мэриянын маалымат катчысы окуядан кыйгап өткүсү келип жаткандыгын айткан. 

Скриншотто укук коргоочу Динара Ошурахунова бактарды кыюу боюнча пикирин жазганда, мэр Алмаз Мамбетов ага "ит үрө берет, кербен жүрө берет" деп жооп жазганы көрүнүп турат. Ошурахунова "бул мэриянын жообубу" деп сураганда, мэр "ошентип эсептей берсеңиз болот" деген.

"Мэриянын маалымат катчысы Алмаз Мамбетовду суудан кургак чыгарып кеткиси келип жатат. Алардын оюнда мэрдин аккаунту талкаланган. Анан укук коргоочу Динара Ошурхунова балалыгы өткөн Балыкчыдагы бактардын кыйылышына карата сын айтканда, ага фэйк аккаунттан орой жооп беришкен. Ой, ушул үчүнчү күчтөр, качан болсо баарына жек көрүндү болуп жүрүшөт", — деп жазган Асель Асель.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Балыкчы мэриясынын маалымат катчысы Миргүл Жансеркеева менен байланышып, окуянын чоо-жайы тууралуу сураштырды.

Анын айтымында, мэр Алмаз Мамбетов учурда эмгек өргүүсүндө, социалдык тармактагы бактарга байланыштуу акыркы билдирүүлөрүн өзү жазбаганын айткан.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жолдордун жыл айланбай жыртылган себебин министр айтып берди. Көйгөй маек
"Шаар башчысы жумушка кийинки жумаларда чыгат. Өзү социалдык тармакта активдүү эле. Биз кечээ байланышканда ал бактардын кыйылышы тууралуу орой комментарийлерди жазбаганын айтты. Ал болбосо ким? Телефонун эч ким деле албаптыр. Ошондуктан баракча талканган деген жыйынтыкка келдик. Ал жашоодо бетке айтып, ачык сүйлөшкөн жакшы адам. Кызматкерлерине сылык мамиле жасап, айланадагылардын сый-урматына ээ. Жасап жаткан ишке сынчы көп", — деди маалымат катчы.

Жансеркееванын билдиришинче, июль айынан бери Балыкчынын Аманбаев көчөсүнүн жолу толугу менен ремонттон өтүп жатат. Төрт тилкеден турган ири жол салынып, эки тарабы жарыктандырылат.

"Кара жыгач багы жолду кеңейтүү максатында кыйылууда. Бактар деле карып калган, убагы келгенде жаңысы тигилет. Иш баштаарда жергиликтүү эл менен жыйын өткөрүп, кеңешкенбиз. Жолдун узундугу эки чакырым, ал жүк ташуучу айланма жол болот", — деди Жансеркеева.

Ошондой эле маалымат катчы жол кайсыл убакта бүтөрү азырынча белгисиз экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0