08:16 14 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8106
  • EUR76.8580
  • RUB1.0870
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 14-августта, Бишкек шаарынын мэриясынын жамаатына калаанын жаңы шайланган башчысы Азиз Суракматовду тааныштырды

Премьер Азиз Суракматовду мэриянын жамаатына тааныштырды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Бишкектин жаңы мэрин шайлоо — 2018 (17)
116 0 0

Өкмөт башчы өз сөзүндө жаңы мэр жашыл Фрунзени кайтарат деп үмүт артарын айтты.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 14-августта, Бишкек шаарынын мэриясынын жамаатына калаанын жаңы шайланган башчысы Азиз Суракматовду тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.

Абылгазиев өз сөзүндө шаардыктар жана калаа меймандары сезилээрлик оң өзгөрүүлөрдү күтүп жатканын белгилеп өттү.

  • Представление коллективу мэрии города Бишкек Азиза Суракматова
    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 14-августта, Бишкек шаарынын мэриясынын жамаатына калаанын жаңы шайланган башчысы Азиз Суракматовду тааныштырды.
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Представление коллективу мэрии города Бишкек Азиза Суракматова
    Абылгазиев өз сөзүндө шаардыктар жана калаа меймандары сезилээрлик оң өзгөрүүлөрдү күтүп жатканын белгилеп өттү.
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Представление коллективу мэрии города Бишкек Азиза Суракматова
    Премьер 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүү стратегиясында белгиленген бир катар багыттарды ишке ашыруу зарылдыгын эскертип өттү.
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 3
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 14-августта, Бишкек шаарынын мэриясынын жамаатына калаанын жаңы шайланган башчысы Азиз Суракматовду тааныштырды.

"Бишкек шаарынын жаңы башчысынан инфраструктуралык жаңылыктарды, анын ичинде архитектуралык кайра түзүүлөрдү күтөбүз. Борбор калаа Фрунзе шаарынын учурундагыдай жашыл калаага айланышы шарт. Ошондой эле мэрдин ар бир кадамы, чечими тургундардын көзөмөлүндө болушу керек", — деди өкмөт башчы.

Премьер 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүү стратегиясында белгиленген бир катар багыттарды ишке ашыруу зарылдыгын эскертип өттү.

Азиз Суракматов 2018-жылдын 8-августунда шаардык кеңеш тарабынан мэр болуп шайланган. Жаңы калаа башчысынын жана анын туугандарынын байлыгына кызыксаңыз Sputnik даярдаган материалдан окуңуздар.

Тема:
Бишкектин жаңы мэрин шайлоо — 2018 (17)

Тема боюнча

Азиз Суракматов эки тизгин бир чылбырды колуна алды
Азиз Суракматов "Елизавета" компаниясына болгон тиешеси тууралуу айтты
Фотофакт: Суракматовдун мэр болгонун уккан учуру
Белгилер:
Азиз Суракматов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ