21:01 15 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8396
  • EUR77.0051
  • RUB1.0869
Талас облусунун Казакстан менен чектешкен аймагындагы Алмалуу жайлоосундагы өрт

Таластын Казакстан менен чектешкен тоосунда чыккан өрт толук өчтү

© Фото / пресс-служба МЧС КР
Коом
Кыскача шилтеме алуу
46 0 0

Тилсиз жоо 1000 гектар жерге жайылып, аны өчүрүүгө 64 куткаруучу тартылган.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Талас облусунун Казакстан менен чектешкен аймагындагы Алмалуу жайлоосундагы өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Тилсиз жоо 1000 гектар жерге жайылып, аны өчүрүүгө 64 куткаруучу тартылган.

"Манас районунун Алмалуу жайлоосунун Туюк-Төр сайынын күңгөй тарабында куураган чөп күйгөн. Өрт 12-август күнү 20:30дар чамасында толугу менен өчүрүлдү", — деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, аталган аймакта буга чейин дагы өрт чыгып кетип, ага 500дөй адам тартылган.

Тема боюнча

"Ош" базардын аймагындагы эт комбинатында чыккан өрттүн асмандан көрүнүшү
Таластын токоюна жайылган өрт толук өчтү
Белгилер:
Өрт, ӨКМ, Талас, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ