Бир жумага карата аба ырайы. Ысык 37 градуска жетет

© Sputnik / Табылды КадырбековКөл жээгиндеги эс алуучулар. Архив
Көл жээгиндеги эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктердин билдиргенине таянсак, бул аптада эң ысык боло турган аймак — Баткен, эң салкын облус — Нарын болору айтылды.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет өлкө аймагы боюнча бир жуманын, 13-17-августка божомолун жарыялады. Бул күндөрү ысыктын кээ бир аймактарда 37 градуска жетери айтылды.

14-август

Чүйдө түндө +13…+18, күндүз 27…32 градуска дейре ысыйт. Таласта түндө 8…13 градус жылуу болуп, күндүз 25…30 градуска көтөрүлөт.

Баткенде түнү +14…+19, күндүзү +30…+35ке чыгат.

Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында, түндө 14…19 градус жылуу болсо, күндүз 29…34 градус ысык болот. Ысык-Көлдө түндө 7…12 градус жылуу болуп, күндүз 23…28ке чейин жетет. Нарында түндө 7…12 градус жылуу, ал эми күндүз 24…29 градуска дейре ысыйт.

15-август

Көлгө түшүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тамакка тоюп алып сүзбөйт! Сууга түшүү учурунда 10 "болбойт"
Чүйдө түндө 17…22 градус жылуу болсо, күндүз 30…35 градуска чейин чыгат. Таласта түндө 10…15 градус жылуу болсо, күндүз 28…33 градуска чейин жогорулайт. Баткен облусунда түндө +17…+22, күндүз 32…37 градуска чейин көтөрүлөт. Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +17…+22, күндүзү +31…+36 градус болот.

Ысык-Көлдө термометр түнү +10…+15, күндүзү +23…+28ди көрсөт. Нарында түндө +9…+14тү көрсөтсө, күндүз 24…29 градуска чейин ысыйт.

16-август

Чүйдө түндө 16…21, күндүзү 29…34 градус ысыйт. Таласта түндө +10…+15 градус болуп, күндүз 29…34кө чейин чыгат. Баткенде түнкүсүн +17…+22, күндүзү +31…+36, Ош, Жалал-Абадда түндө 18…23 градус жылыса, күндүз 31…36 градуска чейин ысык болот. Ысык-Көлдө термометр түнкүсүн +9…+14, күндүзү +23… +28 градусту көрсөтөт. Нарында түнү 4…9, күндүзү 22…27 градус жылуу болору айтылды.

17-август

Чүйдө түндө +17… +22, күндүз 29…34 градуска дейре ысыйт. Таласта түндө 11…16 градус жылуу болуп, күндүз 29…34 градуска чейин көтөрүлөт.

Баткенде түнү +17… +22, күндүзү +30…+35ке чыгат.

Ош, Жалал-Абад облустарынын аймактарында түндө 18…23 градус жылуу болсо, күндүз 30…35 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көлдө түндө +9…+14 градус болуп, күндүз +23…+28 градуска чейин жетет. Нарында термометр түнү +4…+9, күндүзү +22…+27ни көрсөтөт.

Бишкек, Ош шаарларында 13-14-15-августтарда күн ачык болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0