СССР убагында чыккан "Кыргызстан" тамекиси аукциондон сатылып жатат

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүТамеки заводу. Архив
Тамеки заводу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таңгакта чылым Фрунзе шаарынын тамеки фабрикасында өндүрүлгөнү жазылып турат.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Россиянын Newauction интернет-аукционунда "Кыргызстан" тамекиси сатыкка коюлду.

Таңгакта чылым Фрунзе шаарынын (1991-жылдын февралынан баштап Бишкек) тамеки фабрикасында өндүрүлгөнү, баасы 70 тыйын экени көрсөтүлгөн.

Тамекинин аукциондогу баштапкы баасы 1 миң рубль (1020 сом) деп белгиленди.

Буга чейин кыргыз тыйындары да аукционго коюлган жайы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0