Түштүк Корея Кыргызстанга өрт өчүрүүчү жана Тез жардам унааларын берет

© Фото / пресс-служба посольства КР в Южной КорееТүштүк Корея Кыргызстанга өрт өчүрүүчү жана Тез жардам унааларын берет.
Түштүк Корея Кыргызстанга өрт өчүрүүчү жана Тез жардам унааларын берет. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоунаалардын бекер берилери же сатылары азырынча так айтыла элек.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Түштүк Корея Кыргызстанга өрт өчүрүүчү жана Тез жардам унааларын берет. Бул туурасында аталган өлкөдөгү КРдин элчилигинен кабарлашты.

Элчи Кылычбек Султан Сеулдагы Өрткө каршы күрөшүү кызматтын өкүлдөрү менен жолугуп, анда Кыргызстанга куткаруу техникаларын жардам катары берүү маселеси талкууланган.

© Фото / пресс-служба посольства КР в Южной КорееТүштүк Корея Кыргызстанга өрт өчүрүүчү жана Тез жардам унааларын берет.
Түштүк Корея Кыргызстанга өрт өчүрүүчү жана Тез жардам унааларын берет. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Түштүк Корея Кыргызстанга өрт өчүрүүчү жана Тез жардам унааларын берет.
© Фото / пресс-служба посольства КР в Южной КорееЭлчи Кылычбек Султан Сеулдагы Өрткө каршы күрөшүү кызматтын өкүлдөрү менен жолугуп, анда Кыргызстанга куткаруу техникаларын жардам катары берүү маселеси талкууланган.
Элчи Кылычбек Султан Сеулдагы Өрткө каршы күрөшүү кызматтын өкүлдөрү менен жолугуп, анда Кыргызстанга куткаруу техникаларын жардам катары берүү маселеси талкууланган. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Элчи Кылычбек Султан Сеулдагы Өрткө каршы күрөшүү кызматтын өкүлдөрү менен жолугуп, анда Кыргызстанга куткаруу техникаларын жардам катары берүү маселеси талкууланган.
1/2
Түштүк Корея Кыргызстанга өрт өчүрүүчү жана Тез жардам унааларын берет.
2/2
Элчи Кылычбек Султан Сеулдагы Өрткө каршы күрөшүү кызматтын өкүлдөрү менен жолугуп, анда Кыргызстанга куткаруу техникаларын жардам катары берүү маселеси талкууланган.

Чонг Чжэ-ху аймагындагы өрт өчүрүү боюнча райондук башкармалыктын жетекчисинин билдиргенине караганда, өрткө каршы техникалар пайдаланылгандан 8 жылдан, Тез жардам 5 жылдан кийин колдонулбай калат. Андан соң муктаж болгон өлкөлөргө жардам катары берилет.

Жеке ишкер Мирлан Исагалиев Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына Тез жардам автоунаасын тапшырды - Sputnik Кыргызстан
Меценат Исагалиев кезектегин Тез жардам унаасын Караколдогу ооруканага тапшырды
Жолугушууда келерки жылы аталган кызматтардын ар биринен экиден, төрт автоунаа Кыргызстанга жиберүү каралып жатканы маалымдалды. Бул бекер берилеби же сатылабы, так айтылган эмес.

Мындан сырткары, эл аралык кызматташуу боюнча Корей агенттиги бул багыт менен Кыргызстанга өрт өчүрүүчү төрт бөлүм куруп берүүгө ниеттенип жатат. Анын алкагында дагы 12 автоунаа алып келинери кабарланды.

Андан сырткары, Кореянын бул кызматтары ӨКМ менен Саламаттыкты сактоо министрликтеринин кызматкерлери үчүн техникаларды пайдалануу боюнча атайын окутууларды акысыз уюштурмакчы. Алардын жолго жана жашап, тамактанганга кеткен каражатын Корея тарап өзүнүн мойнуна аларын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0