Жыл башынан бери ата мекендик учактар авариялык түрдө алты жолу конгон

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы учактарды эл аралык стандарттарга дал келүүсү үчүн текшерүүдөн өткөрүү керектигин айтты.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Транспорт жана жолдор министрлигине ата мекендик авиакомпаниялардын аба кемелеринин техникалык коопсуздугун камсыздоо боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Абылгазиев жыл башынан бери ата мекендик авиакомпаниялардын учактары менен техникалык бузуулардан улам алты жолу конууга мажбур болгонун айтты.

"Мындайга жол бербөө керек, себеби жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч жаралууда. Буга байланыштуу мен ата мекендик авиакомпаниялардын аба кемелери үчүн авиациялык коопсуздук боюнча эл аралык стандарттарга дал келүүсүнө карата эл аралык аудиттен өтүүлөрүн талап кылам", — деди өкмөт башчы.

Ошондой эле Абылгазиев бул маселени чечүү боюнча сунуштарды ыкчам түрдө кароого киргизүүнү тапшырды.

Эске салсак, буга чейин Оштон жана Бишкектен Анталияга учкан учак техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам конууга аргасыз болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0