Жоголуп кеткен эки жашар кыздын түнөп калган жери. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МЧС КРМестность в Ысык-Атинском районе, где пропала двухлетняя девочка
Местность в Ысык-Атинском районе, где пропала двухлетняя девочка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшемби күнү кечинде жоголуп кеткен наристе жума күнү эртең менен чуңкурдан табылган.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы эки жашар кыз жоголуп, түндө калган жердин сүрөтүн чыгарышты.

© Фото / пресс-служба МЧС КРМестность в Ысык-Атинском районе, где пропала двухлетняя девочка
Местность в Ысык-Атинском районе, где пропала двухлетняя девочка - Sputnik Кыргызстан
Местность в Ысык-Атинском районе, где пропала двухлетняя девочка

Мекеменин маалыматы боюнча наристе Ысык-Атанын Сын-Таш айылында кечинде ойноп жүрүп жоголуп кеткен. Издөө иштерине милиция кызматкерлери, куткаруучулар менен жергиликтүү тургундардан 60 киши тартылган.

Ысык-Көл жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балыкчыда сууга чөгүп кетти деп изделип жаткан жигит аман-эсен табылды
Ал эми Чүй облустук милициянын маалыматы боюнча бөбөк 9-августта ата-энеси менен туугандарынын үйүнө конокко келген. Ал кечки саат 21.00 чамасында сыртта ойноп жүргөн жеринен жоголуп кеткен. Ата-энеси туугандары менен түнү бою өз алдынча издешип таппагандыктан таңкы саат 4.46да милицияга кайрылган.

Кичинекей кыз 10-август күнү анча терең эмес чуңкурдан табылган. Абалы жакшы.

Сүрөттө наристе табылган аймактын жалпы көрүнүшү чагылдырылган. Бөбөк адамдар турган жерде болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0