02:10 21 Баш оона 2018
Түз эфир
  • USD69.4557
  • EUR79.1552
  • RUB1.0386
Кытайдын Гонконг университети. Архив

Бишкектен Гонконгго чейин. Алтын сертификат алгандар кайсы ЖОЖду тандады?

© AP Photo / Kin Cheung
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Мирбек Сакенов
89610

Быйыл өлкөдө 59 миңден ашык окуучу мектепти аяктап, алардын ичинен 60ка жакыны гана өлкө башчынын колунан алтын сертификат алды.

Сертификаттар жалпы республикалык тестирлөөдөн 219дан 237 баллга чейин алган окуучуларга берилди. Sputnik Кыргызстан агенттиги жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку упайга ээ болгон алдыңкы он бүтүрүүчүнүн кайсы ЖОЖдорго тапшырганын билип көрдү.

Республика боюнча тестирлөөдө эң көп 237 упай алган Айлин Албанова Борбор Азиядагы Америка университетине тапшырды. Аудитор болгусу келген бүтүрүүчү экономикалык багытты тандаган. 

Выпускница Айлин Албанова, получившая золотой сертификат на ОРТ и 100-процентную скидку на поступление во все вузы страны
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Айлин Албанова

Президенттин колунан алтын сертификат алгандардын катарында Перизат Онолбекова (232). Ал да Борбор Азиядагы Америка университетинде экономика боюнча билим алат.

Выпускница Перизат Онолбекова во время вручения  золотых сертификатов президентом Сооронбаев Жээнбековым
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Перизат Онолбекова

№61 мектеп-лицейинин бүтүрүүчүсү Деңиз Назарова да Борбор Азиядагы Америка университетинин студенти болду. Жалпы республикалык тестирлөөдө 231 упай алган өспүрүм "Программалык инженерия" факультетине өттү.

Обладательница золотого сертификата Дениз Назарова
© Фото / из личного архива Дениз Назаровой
Деңиз Назарова

Ошол эле мектептин дагы бир тарбиялануучусу Айбике Өмүрова 230 упай менен дүйнөлүк деңгээлдеги төрт ЖОЖго тапшырып өтүп кеткен. Ушу тапта Европадагы ири университеттердин биринде окууну чечти. Айбике кайсы жогорку окуу жайын тандап алганын айткысы келген жок.

Выпускница Айбийке Омурова во время вручения золотых сертификатов президентом Сооронбаев Жээнбековым
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Айбике Өмүрова

Кыргыз-орус славян университетинин алдындагы мектепти аяктаган Максим Сыразетдинов Россиядагы ЖОЖдордун бирине тапшырды. 229 упай алган болочоктогу инженер-программист Санкт-Петербург шаарындагы Маалыматтык технологиялар, механика жана оптика университетинде окуусун акысыз улантат.

Выпускник Максим Сыразетдинов во время вручения золотых сертификатов президентом Сооронбаев Жээнбековым
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Максим Сыразетдинов

Тестирлөөдө 228 упайга жеткен Канышай Калманова бюджеттик негизде Россиянын эки жогорку окуу жайына өтүп кетти. Ал Москвадагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде билим алмакчы.

Обладательница золотого сертификата Канышай Калманова
© Фото / Канышай Калмановой
Канышай Калманова

Ал эми "Айчүрөк" лицейин аяктаган Каныкей Канатова чет өлкөдөгү үч ЖОЖдо окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. 228 упайга татыган абитуриент Кытайдын Гонконг университетин (The Chinese University Of Hong Kong) тандап, социалдык илимдерди окуй турган болду.

Обладательница золотого сертификата Каныкей Канатова
© Фото / Каныкей Канатовой
Каныкей Канатова

Ошондой эле жалпы республикалык тестирлөөдө 227 балл ала алган "Айчүрөк" лицейинин дагы бир бүтүрүүчүсү Эмилия Ишимова Кытайда окуй баштайт. Ал Гонконг шаардык университетинин (City University of Hong Kong) бизнес башкаруу бөлүмүнө ыктады.

Выпускница Эмилия Ишимова во время вручения золотых сертификатов президентом Сооронбаев Жээнбековым
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Эмилия Ишимова

Эрмек Курманбеков борбор калаадагы №67 мектеп-гимназиясын бүтүргөн. Тестирлөөдө 226 упайга татыган болочоктогу экономист Кытайдын Аньхой технологиялык университетинде (Anhui University Of Technology) эл аралык сооданы гранттык негизде окуй турган болду.

Выпускник Эрмек Курманбеков во время вручения золотых сертификатов президентом Сооронбаев Жээнбековым
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Эрмек Курманбеков

ЖРТдан 226 упай алган Бактыгул Мамытова Кытайдагы Чет тилдер университетине тапшырды. Ал коңшу өлкөдөн адискөй котормочу болуп чыгат.

Обладательница золотого сертификата Бактыгуль Мамытова
© Фото / из личного архива Бактыгуль Мамытовой
Бактыгул Мамытова

Быйыл алтын сертификат кайсы облустун бүтүрүүчүлөрүнө көп тапшырылгандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Тема боюнча

ЖРТдан жогорку балл алган атбашылык Толкун: интернетке убактымды коротпойм
Балдар, ЖРТ менен эле жашоо бүтүп калбайт! Өтпөй калгандар кайда барса болот?
Окуучулар үчүн түзүлгөн тесттен өтө аласызбы? ЖРТнын суроолору
Алтын сертификат алган бүтүрүүчүлөр кайсы облустан көп чыкты? Инфографика
Белгилер:
ЖОЖ, Жалпы республикалык тестирлөө, бүтүрүүчү, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ