Эмгек акысы көбөйгөн аскерлер эми канча ала турганы маалым болду

Жазылуу
Өкмөттүн токтому менен келишимдик кызматтагы аскер кызматкерлеринин маянасы 30 пайызга жогорулады.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Айрым категориядагы аскер кызматкерлеринин айлык акысы 1,5-3 миң сомго жогорулады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Коргоо комитетинен билдиришти.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кара-Көл шаарында жайгашкан Рысбеков атындагы оорукананын жамааты менен жолугуп жатып медициналык кызматкерлердин айрым категориясы үчүн айлык акыны жогорулатууга каражат изделип жатканын айтты - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев: айрым дарыгерлердин гана айлыгы жогорулайт
Өкмөттүн токтому менен келишимдик кызматтагы катардагы аскер, сержанттык жана улук курамдын маянасы 30 пайызга көтөрүлдү. Ага ылайык, туруктуу маяна 800-1500 сомго, ал эми кызматтык маяна — 1500-3000 сомго жогорулады.

Коргоо комитетинен билдиришкендей, үч жыл мурда ушул эле категориядагы контракттык негизде кызмат өтөгөндөрдүн туруктуу айлыгы 1350-1800 сомго көбөйгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0