02:21 16 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.1798
  • EUR80.0687
  • RUB1.0522
Мекке шаарында жүргөн кыргызстандык зыяратчылардын ден соолугуна кам көрүү үчүн атайын тез жардам унаасы ишке кирди

Белгисиз демөөрчү Меккедеги кыргыз зыяратчыларына тез жардам унаасын алып берди

© Фото / пресс-служба ДУМК КР
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Ажылык — 2018 (27)
98110

Тез жардам унаасында Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Меккеге жиберилген дарыгерлер иш алып барат.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Мекке шаарында жүргөн кыргызстандык зыяратчылардын ден соолугуна кам көрүү үчүн атайын тез жардам унаасы ишке кирди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, тез жардам унаасын Мекке шаарындагы демөөрчү алып берген.

"Биз үчүн күтүлбөгөн чоң бир жаңылык болду. Атын атагысы келбеген демөөрчү тарабынан алынган тез жардам унаасы ар бир мейманканага барып зыяратчылардын саламаттыгын көзөмөлдөп, ооруп калгандары болсо ооруканага дароо жеткирүүгө чоң мүмкүнчүлүк жаралды. Быйыл ажылыкты уюштурууда абдан бир чоң жылыштар болуп, мекендештерибиз үчүн шарттар жакшырууда", — деди жеринде жүргөн муфтияттын маалымат бөлүмүнүн кызматкери Белек Нурланов.

Тез жардам унаасы бардык жабдуулар менен камсыздалып, тиешелүү дары-дармектер жетишээрлик. Анда Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Меккеге жиберилген дарыгерлер иш алып барышат.

Эске салсак, быйыл Сауд Аравиясы Кыргызстан үчүн 5400 квота бөлгөн.

Тема:
Ажылык — 2018 (27)

Тема боюнча

Ишкер Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна Тез жардам унаасын алып берди
Белгилер:
тез жардам, зыяратчы, Ажылык, Мекке
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ