02:23 16 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.1798
  • EUR80.0687
  • RUB1.0522
Ош ШИИБдин кабыл алып бөлүштүрүү бөлүмүнүнүн имараты толугу менен реконструкцияланат

Ошто селсаяктар менен сойкуларды кабыл алган имарат жаңыланат

© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Коом
Кыскача шилтеме алуу
31610

Кабыл алып бөлүштүрүү бөлүмүнүн имараты 1970-жылы курулган болчу.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Ош ШИИБдин кабыл алып бөлүштүрүү бөлүмүнүнүн имараты толугу менен реконструкцияланат. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэр Таалайбек Сарыбашев Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын аталган имаратынын абалы менен таанышып чыккан.

  • Состояние административного здания приемника-распределителя УВД Оша
    Ош ШИИБдин кабыл алып бөлүштүрүү бөлүмүнүнүн имараты толугу менен реконструкцияланат
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Состояние административного здания приемника-распределителя УВД Оша
    Мэр Таалайбек Сарыбашев Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын аталган имаратынын абалы менен таанышып чыккан.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Состояние административного здания приемника-распределителя УВД Оша
    Сарыбашев объектини реконструкциялоо долбоорун даярдап, кийинки жылдын бюджетине киргизүүгө сунуш берүүнү тапшырган.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
1 / 3
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Ош ШИИБдин кабыл алып бөлүштүрүү бөлүмүнүнүн имараты толугу менен реконструкцияланат

"Имарат 1970-жылы курулган. Бул жерге документи жок жарандар, турак жайы жоктор, коммерциялык секс кызматын көрсөтүп иштегендер алып келинет. Тек-жайын тактоо үчүн кармалган адамдар үч сааттан кийин коё берилет. Жылдын биринчи жарымында бул жайга өздүгүн аныктоо максатында 883 жаран алып келинген. Ал эми ӨКМ имарат авариялык абалда деген корутунду чыгарган", — деп айтылат маалыматта.

Сарыбашев объектини реконструкциялоо долбоорун даярдап, кийинки жылдын бюджетине киргизүүгө сунуш берүүнү тапшырган.

Тема боюнча

Сузактын милиционерлери ашар жолу менен өзүнө имарат куруп жатат
Белгилер:
реконструкция, Таалайбек Сарыбашев, Ош
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ