Мэр болуп жүрүп колуна кишен салынгандар. Мурдагы башчылардын каталары

© AFP / SANDOR GEMESIПроблема с миграцией в Венгрии
Проблема с миграцией в Венгрии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соңку беш мэрге укук коргоо органдарынын "суроолору" арбын болгон. Sputnik Кыргызстандын редакциясы акыркы жылдары шаар жетектегендер аралашкан кылмыш иштерин эстеп, тизмектеп чыкты.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бишкектин мэрлик кызматы акыры бир күнү абакка алпарары менен кооптуу – калаанын мурдагы башчыларынын тагдырын талдасак, ушундай бүтүмгө келебиз.

Албек Ибраимов (2016–2018)

© Sputnik / Расул УсеналиевМурдагы мэр Албек Ибраимов Бишкек шаардык сотунда
Суд над экс-мэром Бишкека Албеком Ибраимовым - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы мэр Албек Ибраимов Бишкек шаардык сотунда
Ээрден жаңы шыпырылган мэр 19-июлда кармалып, ушул тапта УКМКнын убактылуу кармоочу жайында. Ал төрт кылмыш иши боюнча шектелүүдө, алардын экөө дал Ибраимов шаарды жетектеп турган маалда коррупция фактысы боюнча ачылган.

УКМКнын версиясы боюнча ал жеке жактарга жер тилкелерин пайдаланууга берүүгө мыйзамсыз бөлүштүрүү чийимин, ошондой эле борбор шаардын түштүк аймагында жайгашкан тилкелердин муниципалдык менчиктен мыйзамга жат жол менен чыгарууну уюштурган.

Кубанычбек Кулматов (2014–2016)

© Sputnik / Табылды КадырбековКубанычбек Кулматов Биринчи Май райондук сотунда
Суд над Кубанычбеком Кулматовым - Sputnik Кыргызстан
Кубанычбек Кулматов Биринчи Май райондук сотунда
18-майда Кубанычбек Кулматовго Кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө билдиргендей, ал киши мэр болуп турган кезде 2 миллион доллар грантты өкмөттүн карамагынан мэриянын карамагына беймыйзам бурган. УКМКнын маалыматына таянсак, Кулматов "Альто Групп" ЖЧКсынын жетекчиси менен сынак өткөрбөстөн келишим түзүп, кытай ишканасынан аталган фирманын эсебине миллион долларды котортуп алган.

Иса Омуркулов (2010–2013)

© Фото / пресс-служба СДПКЖК депутаты, Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркулов
Депутат ЖК 6 созыва от фракции СДПК Иса Омуркулов - Sputnik Кыргызстан
ЖК депутаты, Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркулов

2013-жылдын аягында Иса Өмүркуловго кылмыш ишин козгошкон. Ага Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынын чектерин мыйзамсыз белгилегендиги – калаанын башкы планына салыштырмалуу алдаканча кичирейтилгендигине байланыштуу кине тагылган. Андан тышкары, Өмүркулов шаардын түштүк аймагын ийне-жибине чейин пландаштыруу долбоорунун корректировкасын мыйзамсыз пайдаланууга шектелип, КР КК 305-беренеси (жер мыйзамын бузгандыгы үчүн) боюнча айыпталган. Бирок, сот аны толугу менен актаган.

Нариман Түлеев (2008–2010) 

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы мэр жана ЖКнын экс-депутаты Нариман Түлеев
Бывший мэр города Бишкек Нариман Тюлеев - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы мэр жана ЖКнын экс-депутаты Нариман Түлеев

Мурдагы мэр жана ЖКнын экс-депутатына 2012-жылы коррупция боюнча кине тагылган. Кылмыш иши Кытайдан автобустарды сатып алууда, ошондой эле 200 миллион сомдук муниципалдык облигация чыгарууда мыйзамсыз аракеттерден улам козголгон. 2013-жылы Ленин райондук соту мүлкүн конфискациялоо менен Түлеевди 11 жылга эркинен ажыраткан. 2014-жылдын декабрында Бишкек шаардык соту ал өкүмдү күчүндө калтырып, ал эми туура бир жылдан соң Жогорку соттун коллегиясы да ушундай эле өкүм чыгарган.

Нариман Түлеев мамлекеттик казынага 60 миллион сом кайтарып берип, 2016-жылдын май айында эркиндикке чыккан.

Данияр Үсөнов (2007–2008)

© AFP / JACQUESCOLLETМурдагы мэр жана премьер-министр Данияр Үсөнов
Вице-премьер-министр КР Данияр Усенов - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы мэр жана премьер-министр Данияр Үсөнов

Курманбек Бакиевдин чыйырлаштарынын бири бир катар кылмыш иштери боюнча сыртынан соттолгон. Алардын бири боюнча Үсөнов мүлкүн конфискациялоо менен сыртынан 15 жылга эркинен ажыратылган. Ал Ататүрк атындагы парктын аймагынан 11,31 гектар жер тилкесин мыйзамсыз алгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган (андан мамлекетке 160 миллион сом зыян келтирилген). Ушул тапта борбор калаанын мурдагы башчысы жашаган өлкөсүн, ысымын, фамилиясын, атасынын атын алмаштырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0