Керсейип, журналистке ороңдогон аткаминер иштен алынды. Окуянын видеосу

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналист борбор калаадагы мыйзамсыз курулуш боюнча эки кошунанын ызы-чуусун чагылдырганы барган.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. "Ала-Тоо24" каналынын кабарчысы Бурулай Пусурманкуловага орой мамиле кылган Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетектөөчү адиси Рустам Бейшеналиев жумуштан бошотулду. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Журналист кечээ, 8-август күнү борбор калаадагы мыйзамсыз курулуш боюнча эки кошунанын ызы-чуусун чагылдырганы барганын айтат.

"Бизге шаар тургундары кат менен кайрылышкан. Биз барган күнү атайын комиссия келип алардын ишин териштирмек. Мына-мына башталат дегенде комиссия үйдүн документин алып келбегени маалым болду. Комиссиянын мүчөсү Рустам Бейшеналиевден кесиптешим Алтын Талантбеков эмнеге документи жок келгенин сураса аны "эмнеге мага акыл үйрөтөсүң" деп ар кандай сөздөр менен коркутуп кирди. Таң калып, эмнеге орой мамиле кылып жатасыз десем мени да кагып-силкип, сөгүп салды. Жаңжалдын башы камерага тартылбай калган", — деди Пусурманкулова.

Аталган кызматкер Мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын Этика кодексинин №5 беренесин так аткарбагандыгына, ошондой эле этиканы сактабагандыгына байланыштуу комиссиясынын тыянагы менен кызматтан алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0