Чүй облусу менен Бишкектин аймактарында газ төрт күн өчүрүлөт

Жазылуу
Аймактарда оңдоп түзөө иштери аткарылат.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Чүй облусу менен Бишкек шаарынын бир катар бөлүгүндө газ өчөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан маалымдашты.

Газ берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

— 10-августта саат 8:00-17:00 чейин Сокулук айылынын Ала-Арча, Ленин көчөлөрүнө берилбейт;

— 13-августта саат 8:00-17:00 чейин Токмок шаарынын Береговая көчөсүндөгү №55,57,59,61,63,65,67; Комсомол көчөсүнүн №175,177,179,181,183,185; Казахстан 50,52,54,56,58,60 көчөлөрүндө өчүрүлөт;

— 13-15-августта Бишкек шаарынын Чоң Чүй каналынын чыгыш тарабында, Виноградная, Темир жол (Путепроводная), Ауэзов, "Жанар", "Реемтсма", ишканаларынын имаратында, Чолпон-Ата көчөсүндөгү наабайканасында, ТТСте, курулуш бөлүктөрдүн комбинатында, Шабдан баатыр көчөсүндөгү 3,3/1,3/2 даректеги имараттарда болбойт.

— 13-15-августта Восток айылында өчүрүлөт.

"Газпром Кыргызстан" оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жаткандыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0