Исаковдун адвокаты ТЭЦтеги авария боюнча депутаттарга дагы иш козгоону суранды

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловОбсуждение реконструкции и аварии ТЭЦ в Жогорку Кенеше
Обсуждение реконструкции и аварии ТЭЦ в Жогорку Кенеше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурбек Токтакунов өз билдирүүсүндө Жогорку Кеңештеги үч комитеттин төрагалары менен парламенттин аппаратындагы кызмат адамдарына да кылмыш иши козголушу керектигин айткан.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине Бишкек ТЭЦинин айланасындагы кылмыш иши боюнча дагы кишилерди жоопкерчиликке тартуу керектигин айтып, арыз менен кайрылды. Бул тууралуу жактоочу Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, Бишкек ТЭЦи боюнча келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору каттоого алынгандын эртеси эле Жогорку Кеңештин үч комитет тарабынан жактырылган.

Токтакуновдун жазышынча ошол учурда тийиштүү комитетти төмөнкү кишилер жетектеп турган:

1. Бюджет жана финансы комитети (ошол учурда комиттети Курманбек Дыйканбаев жетектеп, комитеттин корутундусуна кол койгон);

2. Эл аралык иштер боюнча комитети (ошол учурда комитеттин төрагасы Каныбек Иманалиев болгон);

3. Отун-энергетикасы комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети (ошол учурда комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев болгон).

© Фото / пресс-служба ЖК КРЭл аралык иштер боюнча комитети (ошол учурда комитеттин төрагасы Каныбек Иманалиев болгон);
Эл аралык иштер боюнча комитети (ошол учурда комитеттин төрагасы Каныбек Иманалиев болгон); - Sputnik Кыргызстан
1/2
Эл аралык иштер боюнча комитети (ошол учурда комитеттин төрагасы Каныбек Иманалиев болгон);
© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловОтун-энергетикасы комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети (ошол учурда комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев болгон).
Отун-энергетикасы комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети (ошол учурда комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев болгон). - Sputnik Кыргызстан
2/2
Отун-энергетикасы комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети (ошол учурда комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев болгон).
1/2
Эл аралык иштер боюнча комитети (ошол учурда комитеттин төрагасы Каныбек Иманалиев болгон);
2/2
Отун-энергетикасы комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети (ошол учурда комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев болгон).

Жогоруда үч комитет мыйзам долбоорун жактырган. Ал эми 2013-жылы 11-декабрда үч окуудан тең кабыл алынган.

Андыктан Токтакунов мыйзам долбоорун процедураларды бузуу менен кабыл алган Жогорку Кеңештин аппаратындагы кызмат адамдары менен профилдик комитетинин өкүлдөрүнүн аракети (аракет кылбашы) Кылмыш жаза кодексинин 304-беренесине (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 306-беренесине (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) жана 316-беренесине (Шалаакылык) туура келерин жазат.

Сот залынан чыккан Сапар Исаковду жактоочулары кол чаап тосуп алды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков сот залынан күлүп-жайнап чыкты. Видео
Жактоочу ошондой эле жогоруда жазылгандарды эске алуу менен Кылмыш процессуалдык кодексинин 150чү, 151чи, 155чи, 156-беренелерин эске алуу менен Кылмыш жаза кодексинин 304чү, 306чы жана 316-беренелери боюнча кылмыш ишин козгоону суранат.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматы 7-августта Токтакуновдун кайрылуусу келип түшкөнүн тастыктап, учурда ал тийиштүү жактарга берилгенин билдирди.

Белгилей кетсек, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ТЭЦин реконструкциялоо боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган. Ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тараткан расмий билдирүүсүнө ылайык, Сапар Исаков 2013-жылы президенттин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланган. Ал адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттер аркылуу подрядчыны тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга зыян келтирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0