Бишкектеги Эркиндик гүлбагынын төмөн жагы эки тарабынан жабылмай болду

© Sputnik / Максат ЭлебесовРемонт дороги проспекта Эркиндик в Бишкеке
Ремонт дороги проспекта Эркиндик в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оңдоо иштери ушул жылдын 26-августуна чейин созулат.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Бишкекте шаршемби күнү Эркиндик гүлбагынын Абдымомунов көчөсүнөн Фрунзеге чейинки бөлүгү эки тарабынан жабылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Ремонт "Бишкек шаарынын көчөлөрүн калыбына келтирүү" долбоорунун алкагында жүргүзүлөт. Иш ушул жылдын 26-августуна чейин созулат.

Шаар бийлиги айдоочуларды альтернативалуу жолду алдын ала пландоого чакырып, келтирилген ыңгайсыздык үчүн калаа тургундарынан кечирим сурайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0