Суучулдар ондогон сөөк таап чыгат... Бишкектин бөөдө өлүм көп болчу жери

© Sputnik / Табылды КадырбековСуучул издөө иштери учурунда. Архив
Суучул издөө иштери учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik ЧЧКдагы өлүмдөр тууралуу маалымат каражаттарына чыккан кабарларды чогултуп, акыркы 10 жылда канча киши дал ушул суудан каза болгонун аныктап чыкты.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Төрт жылдын ичинде куткаруучулар Чоң Чүй каналынан (ЧЧК) 18 кишинин сөөгүн алып чыгышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Эгер 2008-жылдан бери ЧЧКга агып өлгөндөр тууралуу маалымат каражаттарына чыккан кабарларды чогултсак көз жумгандардын саны 100гө чамалап барат.

Бейрасмий статистика. Ойлонто турган сандар…

Ачык булактардагы бейрасмий маалымат боюнча 2008-жылдан бери Чоң Чүй каналына 98 адам чөгүп кеткен. Мында куткаруучулар алып чыккан сөөктөрдүн эсеби алынган. 10 учурда киши эмнеден каза болгону белгисиз. Андан тышкары, бул көрсөткүчкө каналга түшүп кеткен унаадан чыга албай калган адамдар да кирди. Минтип 41 киши көз жумган.

98 кишинин 26сы ошол маалда 18 жашка чыга элек экени маалым болду. Өлүм көп катталган мезгил 2014-жылга туура келет, ал жылы каналдан 20 кишинин сөөгү табылган.

"Изделип жаткан адамдын сөөгү табылды". Элди дүрбөлөңгө салган окуялар

Алты жашар Мишанын тагдыры уккан бир да кишини кайдыгер калтырган жок. Бала үстүбүздөгү жылдын 13-июлунда жоголуп кеткен. Туугандары колу жеткен жердин баарынан издеди, социалдык тармакка жазды. Издөөгө ыктыярчылар да кошулуп, жалпы жонунан 70 киши тартылган. Бөбөктүн сөөгү бир жумадан кийин Сокулуктун Новопавловка айылынан табылган.

© Sputnik / Табылды КадырбековАлты жашар Мишаны издөө иштери
Операция по поиску шестилетнего Миши в БЧК в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Алты жашар Мишаны издөө иштери

"Арыкчырай, кара көздүү, чачы кара, ийининен ылдый түшүп турат. Мектеп формасын, анын үстүнө кызыл куртка, башына кызыл топу, бутуна кара туфли кийип жүргөн" деген маалымат бир жыл мурун бардык ЖМКларга чыккан. 11 жаштагы Асел Төрөбекованы тирүү табуу үмүтү акыркыга чейин өчкөн эмес. Үч күндүк издөө иштери натыйжа бербеди. Каналдагы сууну агызып салгандан кийин гана окуучунун сөөгү Кантемир көчөсүнөн табылган.

Чоң Чүй каналынын көмүскө сырлары - Sputnik Кыргызстан
Өлгөндөрдү көмүүгө чоло жок болчу... Чоң Чүй каналынын көмүскө сырлары
Данияр Абдуллаев менен Бахром Каримов 2015-жылы жайында сууга чөгүп кетишкен. Каргаша балдар өскөн новопокровкалыктардын эле эмес, жалпы журттун кабыргасын кайыштырды. Данияр 11, ал эми Бахром 9 жашта эле. Экөөнүн сөөгү да каналдан эки күндүк айырма менен табылган.

Чүйдүн Дөң-Арык айылында жашаган 7 жашар Бекжан Жапаровду туугандары, куткаруучулар болуп жалпы 30дай киши издеди. 2014-жылы май айында ЧЧКга түшүп кеткен. Беш күндүк издөөдөн кийин иштер токтотулган. Баланын сөөгүн 25 чакырым алыстыкта жергиликтүү тургун суу сугарып жүрүп таап алган.

2013-жылдын ноябрында Новопокровка айылында жашап жоголуп кеткен 12 жаштагы Ырыскелди Шаботоев менен 6 жашар Нурсултан Медербековдун тагдырына кыргызстандыктардын баары көз салып турду. Балдарды акыркы жолу мектептин жанында ойноп жатканда көрүшкөн. Милиция кызматкерлери беш күн бою үймө үй кыдырып балдарды издешкен. Алтынчы күнү гана Ырыскелдинин сөөгү ЧЧКдан табылган. 13-ноябрда Нурсултандын сөөгүн да ушул эле каналдан алып чыгышкан.

© Sputnik / Акылбек БатырбековАчык булактардагы бейрасмий маалымат боюнча 2008-жылдан бери Чоң Чүй каналына 98 адам чөгүп кеткен
Большой Чуйский канал - Sputnik Кыргызстан
Ачык булактардагы бейрасмий маалымат боюнча 2008-жылдан бери Чоң Чүй каналына 98 адам чөгүп кеткен

ЧЧКнын жээги эмне үчүн тосулбайт?

Каналдын жээгине тосмо орнотуу абалды жеңилдетет беле, бирок ЧЧКга ээлик кылган органдын буга чама-чаркы, каражаты чектелүү. Бул тууралуу ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Азиз Эгембердиев айтып берди.

"Чүйдө магистралдык ири каналдар арбын. Бирок дал ушул Чоң Чүй каналы калк жыш жайгашкан жерден агып өтөт. Көйгөйдүн баары ушул жерде. Эгер тосмо орнотулса, албетте, бөөдө өлүмдүн саны азыраак болмок, биз да бул демилгени колдомокпуз. Бирок каналдын көлөмүн эске алсак, ири каражат сарпталары айгине болуп турат. Бардыгы акчага келип такалууда", — деди ал.

Эгембердиев бул учурда ӨКМ сунуш гана бере аларын белгиледи.

Ал эми Суу чарба жана мелиорация департаментинин суу ресурстары, сууну пайдалануу жана бөлүштүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Акылбек Сулайманов тосмону каналдан белгиленген аралыкта орнотуу керектигин айтып берди.

© Sputnik / Табылды КадырбековСуу чарба жана мелиорация департаментинин суу ресурстары, сууну пайдалануу жана бөлүштүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Акылбек Сулайманов
Начальник отдела водных ресурсов, водопользования и межгосударственного вододеления Департамента водного хозяйства и мелиорации (ДВХиМ) Минсельхоза Акылбек Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Суу чарба жана мелиорация департаментинин суу ресурстары, сууну пайдалануу жана бөлүштүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Акылбек Сулайманов

"Каналдын модернизация, реконструкция жана оңдоо иштери үчүн бөлүнгөн бөлүктөрү бар. Эреже боюнча ал бөлүктөргө тосмо орнотууга болбойт. Бирок ал бөлүктүн бери жагына тосмо коюуга эч ким тоскоол боло албайт. Тилекке каршы, бул биздин милдетке кирбейт", — деди ал.

Сулаймановдун айтымында, шаар менен калктуу конуштардын жергиликтүү бийликтери кааласа, мүмкүнчүлүгү жетсе өз тушуна тосмо орнотуп алса болот.

Көйгөйдү чечүү үчүн адамдардын аң-сезимин өзгөртүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча Суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Руслан Девяткулов билдирди.

"Эмнегедир адамдар ушул ЧЧКга келе бергенди жакшы көрүшөт. Өзгөчө мастар. Айла жок биз сууга түшүүгө тыюу салынган деп бетондорго жазып коебуз. Жазуу жок жерде баннерлер илинип турат. Бирок аларды бизден башка эч ким деле окубайт окшойт", — деди ал.

Чоң Чүй каналынын курулушунан алынган баалуу сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Чоң Чүй каналынын курулушундагы сейрек кездешкен сүрөттөр
Девяткулов ӨКМ кызматкерлери калк менен ансыз деле иштеп жатканын белгиледи.

"Үйлөрдү кыдырып, сууга жакын жашагандарга каналга түшүүгө болбой турганын, балдарга этият болуу керектигин айтышат", — деди жетекчи.

Анын айтымында, ӨКМ буга чейин эле гидрокурулуштар көзөмөлгө алынып, диспетчерлер нөөмөттө турушун айтып Суу чарба башкармалыгына кайрылган.

Көз алдыңызда киши сууга чөгүп баратса эмне кылуу керектигин да билип алыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0