Токтогул ГЭСинде авария болдубу? "Электр станцияларынын" жообу

Жазылуу
Трансформатор 15-июлдан тарта сынамык режимде, эксплуатацияга бериле элек.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Токтогул ГЭСинде эч кандай авария болбогонун "Электр станциялары" ААКтын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин бир катар ЖМКлар коомдук ишмер Расул Умбеталиевге таянуу менен Токтогул ГЭСиндеги №1 трансформатор менен №1 гидроагрегат иштен чыкканын жазышкан. Умбеталиев ГЭСте ири авария болгонун айткан.

"Электр станциялары" аталган трансформатор 15-июлдан тарта сынамык режимде экенин айтып, эксплуатацияга бериле электигин кабарлады.

"Сынамык режим учурунда жабдуу толук эксплуатацияга берилгенге чейин болуп кете турчу мүчүлүштүктөрдү убагында жоюу аракеттери көрүлөт", — дешти компаниядан.

ГЭС курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күрпсай ГЭСи боюнча тендер: мамлекет 1,7 миллион сомдук чыгым тарткан
Андан сырткары, "Электр станциялары" авария болбогонун, бирок трансформаторду сынамык режимде текшерүү учурунда 15,75 кВ кубаттуулукту 500 киловаттка айландырган трансформатордо мүчүлүштүктөр бар экени аныкталганын маалымдады.

Учурда подрядчы SM Powertech жана JOC компаниялары менен биргеликте келтирилген мүчүлүштүктү келишимдин алкагында өздөрүнүн эсебинен жоюу аракеттери жүрүп жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0