Чүй облусунда бир жумада 5400гө жакын жол эрежеси бузулду

Жазылуу
Облустук ЖКККББ айдоочуларды жол эрежелерин сактап, аны бузбоого чакырат.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Чүй облусунда 30-июлдан 5-августка чейин 5365 жол эрежеси бузулганын облустук ЖКККББдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 22 айдоочу ичип алып машина айдап кармалса, 1309 айдоочу коопсуздук курун тагынган эмес. Ал эми 1589 айдоочу катуу ылдамдыкта автоунаа айдап, 13 айдоочу инспекторлордун буйругуна баш ийбей койгон. 73 автоунаа айып короого токтотулду.

Чүй облустук ЖКККББ айдоочуларды жол эрежелерин сактап, аны бузбоого чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0