Психиатриалык ооруканада дарыланган соттолуучуларга кароол коюу сунушталууда

© Sputnik / Табылды КадырбековПсихиатриалык ооруканадагы бейтаптар. Архив
Психиатриалык ооруканадагы бейтаптар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы демилгелеген өкмөттүн токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кыргызстанда соттун чечими менен милдеттүү түрдө психиатриалык мекемеге жиберилгендерге, же сот-психиатриалык экспертизадан өтүп жаткандарга кароол коюу сунушталууда.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы демилгелеген өкмөттүн токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үй-бүлөм, жакындарым менден баш тартып коюшту... Абактан чыккан кишинин күйүтү
ЖАМКтын билдиришинче, Кыргызстанда мындай кишилерди коргоо маселеси ачык бойдон калгандыктан өкмөт июль айында жыйын куруп, андан кийин токтомдун долбоору иштелип чыккан.

Бул милдетти ЖАМКтын алдындагы түзөтүү мекемелери менен соттолгондорду коштоп жүрүү департаментине берүү караштырылууда. Анын аталышына "психиатриалык мекемелердеги коргоо" деген сөз кошулат.

Мындай норманы киргизип, ишке ашырууга бюджеттен каражат керек. ЖАМК медициналык мекемелердин алдына милдеттүү түрдө дарылануудан өтө тургандар жайгаша турчу атайын корпустарды курууну сунуштап жатат. Бул үчүн 79 миллион 767 миң 795 сом керектелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0