Ысык-Көл районунун акими: көл үстүндөгү бууканалар алынды

© Sputnik / Михаил ДудинЫсык-Көл. Архив
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Ысык-Көл районунда жалпысынан 168 пансионат туристтерди, эс алуучуларды кабыл алып, иштеп жатат.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун жээгине мончо катары куруп пайдаланылып жаткан бууканалар алынды. Бул туурасында аталган райондун акими Данир Иманалиев билдирди.

Мындай жайларды көл жээгинен алуу боюнча тиешелүү ченемдик-укуктук актылар чыккан.

Туристический сезон в Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Эже, коркпоңуз, көл өзүн өзү тазалайт да... Ысык-Көлдү эпсиз булгадык
Маалыматта райондук мамлекеттик администрация прокуратуранын, милициянын, Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жана бууканалары бар пансионаттардын өкүлдөрү менен кеңешме өткөргөндүгү кабарланган. Ишкерлерге мындай ишмердүүлүк жүргүзгөн эс алуучу жайлардын, пляждык-парктык аймактардын өкүлдөрүнө мыйзам менен эрежелердин негизинде иш алып баруу эскертилген. Мындай ишмердүүлүккө тыюу салуу боюнча өкмөттүн мындан эки жыл мурдагы токтомунда да айтылган.

"Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын райондук бөлүмү тиешелүү иштерди жасады. Бүгүн, 4-августта, журналисттер менен биргеликте бардык пасионаттарды кыдырып чыктык, мындай жайларды көл жээгинен алынды. Ысык-Көл районунун акими катары аталган аймакта бүгүнкү күндөн тарта бир дагы буукана иштебей тургандыгын расмий билдирем", — деди Иманалиев.

Аким буга чейин учурда Ысык-Көл районунда жалпысынан 168 пансионат туристтерди, эс алуучуларды кабыл алып, иштеп жаткандыгын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0