Токмокко жакын жерде балдарды жылан чагып алды делген окуя. Чын-төгүнү

© Sputnik / Борис Ушмайкин / Медиабанкка өтүүЖылан. Архив
Жылан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым ЖМКлар интернетке эсин жоготкон эки баланы суудан алып чыгып жаткан адамдардын видеосун жарыялап, аларды жылан чагып алганын жана бул окуя Кыргызстанда болгонун жазып чыгышкан.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Токмоктун жанындагы кафеде жылан эки баланы чагып алды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Аны төгүнгө чыгарган видео YouTube каналына ушул жылдын июль айынын ортосунда жарыяланган.

Жакынкы күндөрү Кыргызстандын айрым маалымат булактары жана социалдык тармактын колдонуучулары жээкте күбө тарткан видеону бөлүшө баштаган. Анда эл суудан эсин жоготкон эки баланы жээкке алып чыгып жатканын көрүүгө болот. Колдонуучулар бул Кыргызстанда болгонун жана аларды жылан чагып алганын божомолдоп жазышкан.

Чындыгында бул окуя ушул жылдын 16-июлунда Казакстандын Тараз шаарындагы Зербулак көлүндө катталган. Казакстандык ЖМК өкүлдөрүнүн айтымында, бала эжесин жоготуп алып сууга секирип кеткен. Бул учурда куткаруучулар чөгүп бараткан кызды араң алып калып, инисинин чөгүп баратканын эч ким байкабай калган. Кыз аман-эсен куткарылып, 12 жаштагы бала каза болуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0