Өкмөт Сахалинде кызды куткарам деп каза болгон кыргыз жигитке сыйлык ыйгарат

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүСахалин. Архив
Сахалин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
17 жаштагы кыргызстандык жигит көлгө чөгүп кеткен кызды куткарам деп баратканда суу тартып кеткен.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Россиянын Сахалин аралында суудагы кызды куткарам деп чөгүп кеткен Жандарбек Кубаныч уулунун үй-бүлөсүнө Кыргызстандын өкмөтү 50 миң сом акчалай жардам берет. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 17 жаштагы кыргызстандык жигит 29-июль күнү Тёплое озеро деген көлгө чөгүп кеткен кызды биринчилерден болуп куткарам деп баратканда суу тартып кеткен. Натыйжада кызды башкалар куткарып, баланы таба албай калышкан. Окуянын эртеси куткаруучулар анын сөөгүн алып чыгышкан. Сууга чөккөн кыз Россиянын жараны экени белгилүү болду.

Встреча торага ЖК Дастанбека Джумабекова с родственниками Чынгыза Анарбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Дастан Жумабеков Москвада кырсыктаган таксисттин үй-бүлөсүнө акча бөлдү
Өкмөттүн материалдык жардамынан сырткары Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жандарбек Кубаныч уулуна мамлекеттик сыйлык берилерин маалымдады. Учурда ага кандай сыйлык ыйгаруу маселеси каралып жатат.

Каза болгон жигит Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. Сахалинге жайкы каникулга барып, августтун аягында кайра кайтам деп жүргөн. Сөөгү кечээ, 2-август күнү, таңга маал мекенине алып келинди. Сөөктү жөнөтүү жана үй-бүлөсүнө материалдык колдоо көрсөтүү үчүн Сахалиндин жашоочулары менен ал жакта иштеген кыргызстандыктардын берген каражатын кошкондо жалпы 225 миң рубль чогулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0