Facebook жана Instagram фейктер менен күрөшүп, бир нечесин өчүрдү

© AFP / KIRILL KUDRYAVTSEVFacebook, Instagram. Архив
Facebook, Instagram. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фейк аккаунттардын кайсынысы өчүрүлгөндүгү тууралуу так айтылган эмес.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Фейктер менен күрөшүп баштаган Facebook жана Instagram 30дан ашуун аккаунтту өчүрдү. Бул туурасында Facebook компаниясынын билдирүүсүндө айтылды. 

"Бүгүн Facebook менен Instagram тармагынан 32 аккаунтту өчүрдүк. Себеби алардын жалган, так эмес маалыматтарды улам берип турууга тартылганы маалым болду. Мындайларга Facebook уруксат бербейт. Биз кээ бир адамдар же уюмдар аккаунттардын чынжырчасын түзүп алып, башкалардын башын айлантып, такталбаган маалыматтарды таратышын каалабайбыз", — деп айтылат таратылган маалыматта.

Социальная сеть Фейсбук - Sputnik Кыргызстан
Facebook фейк аккаунттар менен кантип күрөшөрүн айтты
Фейк аккаунттардын кайсынысы өчүрүлгөндүгү тууралуу так кабарланган эмес.

Буга чейин америкалык жалпыга маалымдоо каражаттары Россияны Дональд Трамптын президенттик шайлоосуна социалдык тармактар аркылуу колдоо көрсөттү деп күнөөлөп, бирок далил табылган эмес. Тагыраагы, алар Санкт-Петербургдагы "Интернетти окуп-үйрөнүү боюнча агенттик" (Internet Research Agency) туурасында айтышкан.

Апрель айында Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг 270ден ашык баракча менен аккаунттун блокко алынгандыгын айткан жайы бар. Ал ишмердүүлүгү чектелген бир нече аккаунттар "россиялык маалымат уюмдарына" тиешелүү деген пикирин кошумчалаган. Facebook пикири боюнча, бул IRA тарабынан көзөмөлгө алынып турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0