Нарындын бийлик өкүлдөрүнө жарым жылда 1484 адам арыз-муңун айтып барган

© Sputnik / Табылды КадырбековНарын шаарынын администрация имараты. Архив
Нарын шаарынын администрация имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Даттанып баргандардын 518инин маселеси чечилген.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратына, райондук акимиаттарга жана шаардык мэрияга 1484 арыз, даттануулар жана оозеки кайрылуулар келип түшкөн. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Анын ичинен социалдык маселелер — 280, айыл-чарба, экономикалык маселелер — 442, материалдык жактан жардам берүү — 270, жана башка маселелер 492и түздү.

Маалыматка караганда, жергиликтүү бийликке даттанып баргандардын 518инин маселеси чечилсе, 931ине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, ал эми 35и көзөмөлдө турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0