БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, тамак-ашка уулангандардын саны жай мезгилинде көбөйөт.
Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти ууланууну алдын алуу боюнча 11 кеңеш айтты.
— Тез бузулуп кетчү азык-түлүктөрдү муздаткычы бар дүкөндөрдөн гана сатып алыңыз. Мындай тамак-ашка сүт, эт жана кондитердик азыктар кирет.
— Тез бузулуп кетчү азыктарды сатып алып жатканда, колдонуу мөөнөтүн караңыз.
— Эрип кайра тоңдурулганы билинип турган азык-түлүктөрдөн оолак болуңуз.
— Шаурма менен бургерден тышкары ичине эт, сыр, жер-жемиштер салынып жасалган токочторду абайлып жеңиз. Сиз алганга чейин аларга кошулган азык-түлүк кантип сакталганын билбейсиз да.
— Эт, балык, жумуртка, сүт сыяктуу чийки азыктарды жакшылап кайнатып туруп колдонуңуз. Муздаткыч болбосо, жаныңызга узак убакытка алып жүрбөңүз.
— Муздаткычта бышкан тамак менен чийкилерди өз-өзүнчө кармаңыз. Бышкандарын оозу бекем жабылган идиште сактоо туура.
— Тез бузула турган азык-түлүктү жылуу жерде эки сааттан ашык кармоого болбойт.
— Сатып келген жер-жемиштерди алгач муздак сууга жууп туруп, акырында кайнак суу менен бир чайкап коюңуз. Өзгөчө үйдө кичине балдар болсо бул шарттарды кынтыксыз аткаруу керек.
— Уунаа жолунун жээгинде сатып аткан жер-жемиштерге жолобой эле коюңуз. Мындан тышкары, кесилген коон менен дарбызды албаңыз.
— Чийки суу ичпеңиз.
— Дааратканадан чыкканда жана тамакты кармаар алдында сөзсүз колду жууңуз.