ӨКМ Ысык-Көлдө иштеп жаткан куткаруучулардын санын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековКөлгө түшүп жаткан адамдар. Архив
Көлгө түшүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр Нурболот Мирзахмедов суудагы коопсуздукту сактоо боюнча чабал аракет жасаган жетекчилерге чара көрүүнү тапшырды.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Суучулдар кызматы тарабынан 187 суудагы куткаруучу окутулуп, анын 130у Ысык-Көлдөгү пансионат жана ден соолукту чындоочу борборлордо, 57си Бишкек жана Чүйдөгү бассейндерде кызмат кылууда. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ӨКМде аппараттык кеңешме өтүп акыркы үч жума ичиндеги өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдар, аларды жоюу жана алдын алуу иш чаралары, өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн аракети, кыш мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү маселелери каралган.

"Жыйындын жүрүшүндө жай мезгилиндеги суудагы коопсуздук багытында аткарылган иш-аракеттер талкууланды. Анда түшүндүрүү, жеринен окутуу иштери, суунун абалын көрсөткөн маалыматтык такталар илинип, мындан тышкары, суудагы коопсуздук тууралуу эскертме катары жумасына эки жолудан СМС билдирүүлөр жөнөтүлүп жатканы айтылды", — деп жазылат маалыматта.

Новогоднее плавание на Адриатическом море в Портороже - Sputnik Кыргызстан
Сууга чөккөндөр арбыды. Адам өмүрүнө ким жоопкер да, ким карайт?
Муну менен бирге министр Нурболот Мирзахмедов жай мезгилиндеги суудагы коопсуздукту сактоо багытында бир топ маселе жаралганын белгилеп, алдын алуу иштерин чабал жасаганы үчүн Чүй жана Ысык-Көл облусундагы башкармалыктын жетекчилерине чара көрүүнү тапшырганы айтылат.

Мындан тышкары, Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарына карата министрлик тарабынанан аткарылып жаткан иш-чараларды өз убагында аткарууну милдеттендирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0