Тойдум ошол электрондук гүлүңөргө! Эркектер кыжырды кайнатканда

Жазылуу
"Эр жигит — эл четинде, жоо бетинде" деген элибизде жакшы сөз бар. Ата-бабалар кыргыздын чыныгы жигити көк жал, намыскөй, камкор болуп, аялзатына астейдил ызаат мамиле кылуусу керек деп айтышкан.

Бирок арабызда айткан сөзүнө турбаган, аялдар менен ажылдашып урушуп, кыздардан өтүп жасанган эркектер да жок эмес. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет мырзалардын кыжырга тийген учурларын кыз-келиндерден сураштырып көрдү.

Салоны красоты в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кара далы болуп калба, карагым. Кыздар кыжырды кайнатканда
Короз эркектер. Мындай мырзалардын жанында айрым аялдар өзүн оңтойсуз сезип кетет. Таранып, жасанып атып эсти оодарат. Таза, жакшынакай болгону жагымдуу деңизчи, бирок кыздардан өтүп салонго айына эки-үч жолу барып, кашын тердирип, тырмактарын жасатканда бери жакта туруп күйүп кетесиң. "Андай болду биротоло көйнөк кийип албайсыңбы" деп айткың келет. Аласы жерге тийчүдөй же чапташкан шымдарды кийип алып, кыздарга сын такканын кантесиң… Ии-ии кебетең менен сенин! Тырмактын балекетин аласыңбы, андан көрө залга барып денеңди чыңдасаң боло. Мындай жигитке турмушка чыгып калсаң, үйдө иш кылмак турсун, бир мыкты түз кага албай кууратарынан шегим жок. Эркектин чарбачыл, тапкыч болгону жакшы да. Бала-чакалуу болгондо да короздонуп жүрө берсе эмне тажысын кесип жейбизби? Кээ бирлери бар, артына тепсең эки тыйын чыкпайт да, ааламдын байлыгын басып койгондой мактанат. Кыз кызыкса эмнең бар, эмнең жок экенин сенден сурабай эле билип алат.

Ушакчылар. Булар ушакташканда аялдар бери эле жакта калат. Кесиптештеринен тарта, кошуна-колоң, досторуна чейин бирден "жиликтеп" чыгышат. Өзүнүн аялын башкалар менен талкуулап, кеп кылганда айтаарга сөз таппай каласың. Ушакты бизге коюп, иш кылганды үйрөнгүлөчү.

Улуттук кийим кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Катын" десе капаланбаңыз, "селки" десе секирбеңиз. Аялзаттын аталышы
Оозу менен орок оргондор. Азыр социалдык тармактарда оозу менен орок оргон эркектер көбөйдү. "Тиги минтиптир, бул тигинтиптир" деп ар кимди сындап, кыздардын сүрөтүнө "лайк" баскандан башка эч нерсени билишпейт. Анан да интернетте эки-экиден кырылгандарычы. Кыйын болуп сүйлөгөндөрү менен ишке келгенде колдорунан балээ да келбейт. Тушалган аттай гана туруп беришет го. Таанышып сүйлөшүп калсаң түрдүү гүлдөрдүн сүрөтүн жиберип чарчатат. Тойдум ошол электрондук гүлүңөргө! Калп эле романтик боло бербей кармап, жыттап көрө турган гүлдөрдү жиберсеңер жүрөгүм жылып калмак. Баса, жашы 50гө чамалап калган үй-бүлөлүү, жада калса коомчулукка таанымал кишилер түн жарымда жүрөгүңдү түшүрүп "Карындаш, эмне уктабай?.. (ары жагын айтпай эле коёюн)" деп жазганда таң калгандан жаагың жерге түшүп калайын дейт.

Чечкинсиздер. Бир эжем "кыздар акылдуу, келишимдүү, абройлуу жигиттерди жактырат, бирок чечкиндүүлөргө турмушка чыгат" деп айтты эле. Эр жүрөктүк мырзалардагы эң баалуу сапат. Бирок арабызда былжырап бир маселени өз алдынча чече албаган, аялына же апасына көз каранды эркектер дагы бар. Тар кечүү, тайгак жолдордо сага таянам деп жүрсөм бул кылганың уят го… Арыдан бери болчу, берекем!

Сайма сайып жаткан кары аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Деле бир жаш болбогонсуп... Улуулар кыжырды кайнатканда
Майдаланган мырзалар. Эркектин эркектей болгону жакшы. Болоор-болбос нерседен уруш чыгарып, эзилип мээни жей бергендер да жакпайт. Кыргыздын эркеги качан эле аялдын оокатына кийлигишип, үйдө отурчу эле?! Эркектик сүрүңөр жоголуп баратат. Ооба, ансыз деле силерди сыйлап өйдөгө отургузуп, башыбызды ийебиз. Ошол сыйды сыйдай түшүнсөңөр эле болду. Берешендик мырзалардын асыл сапаты экенин унутпай жүрсөңөр!

Кыздардын өзүнө эмес байлыгына кызыккандар. Селкинин сулуулугуна мас болуптур десе түшүнөм. Бирок "катын албай кайын ал" деген сөздү туу туткан мырзалар да арабызда бар турбайбы. Кыздар менен таанышпай жатып атасы кайда иштерин, өзү канча айлык алаарын сураганда таң каласың. Оюнда байдын кызын издеп жүргөн го…

Жаңылыктар түрмөгү
0