Кайненем баласын кызгана берип тажатты. Жаш келиндин окуясы

© Sputnik / Эмиль СадыровСело Катран Ляйлякского района Баткенской области
Село Катран Ляйлякского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында жаш келиндин кайненеси уулун кызгана берип тажаткан окуясы баяндалат.

Саламатсыздарбы, биздин коомдо уулун келинчегинен кызганган энелер көппү? Андайлар бар болсо айткылачы, эмнеге балдарын үйлөнтүшөт? Кайненемдин уулун кызганганы жанга батты, акыры окурмандарга, психологго кайрылып көрүүнү туура көрдүм. Кеп башынан болсун.

Обращение психолога в КР - Sputnik Кыргызстан
Кызым мени жек көрөт, кол да көтөрчү болду. Айласы кеткен эненин тагдыры
Турмушка чыкканыма үч жыл болду, бир уулубуз бар. Күйөөм үйдүн жалгыз баласы болгондуктан кайненем менен чогуу турабыз. Ал киши күйөөсү менен балдары кичине кезинде эле ажырашып кетиптир. Кайын сиңдилерим да турмушка чыгып, орун-очок алышкан. Турмуш-шартыбыз жаман эмес Кудайга шүгүр эл катары жакшы эле жашайбыз. Мени бушайман кылган бир эле көйгөй бар. Ал кайненемдин уулун чектен ашып кызганганы. Өзүмдүн деле байкелерим бар, бирок ата-энем аларды жакшы көргөнү менен мынчалык келиндеринен кызганганын көргөн эмесмин.

Биз үйлөнгөндөн бери кайненем артыбыздан аңдып атып айланы кетирди. Башында "жалгыз баласы болсо балким көнө албай жаткан чыгар" деп ойлогом. Бирок бир эмес үч жыл өттү. Баласы мени кучактап өпмөк тургай, эркелетип койсо бети-башы кызарып, кыялын көрсөтүп жумурткадан кыр издеп, уруш чыгарат.

Экөөбүздү жалгыз эч жакка жибергиси келбейт. Теңтуштар менен эс алып келели десек да кыйылып атып араң кое берет. Азыр балалуу болгондон кийин эч жакка деле барбай калгам. "Кичинекей менен конокторго барсаң жүдөйсүң" деп кээ бири небересин алып калат го, биздин апабыз андайды укса чалкасынан кетет. Мамлекеттик кызматта иштегендиктен өзүн аябай карайт, бирок эмнегедир мен салонго барып же жаңы кийим алсам кабак-кашы бузулуп эле жатып калат.

Случаи кражи невест в КР - Sputnik Кыргызстан
Келиним кете берип тажатты... Айласы куруган кайнене
Баласы жаңы төрөлгөн немедей жеген тамагынан, кийген кийимине чейин бүт өзү көзөмөлдөйт. Мен жасаган тамактарды "күйөөң аны жакшы көрбөйт" деп өзү жасап, аны кичинекей баладай эркелеткенде бери жакта туруп мен уялып кетем. Небереси турса деле килейген баласын өөп-жыттап жинге тиет. Ал тургай кечинде биз уктаган бөлмөнүн да эшигин ачып коет. Ээн-эркин эркелешип экөөбүз калган учур боло элек. Конокко барса "кечинде мени алып кеткен киши жок" деп баласын кошо алып кетет. Айтор, бир чети жиниң келсе, кээде туруп таң каласың. Бир күнү жиним менен күйөөмө "апаң сага эле тийип алса болмок экен" деп ызаландым. Бирок ал мени "апамдын жалгыз баласы болсом башынан ушундайга көнгөн да, кичине чыдап кой уулубуз чоңойсо ага алаксып кетет" деп жоошутуп коет.

Чынын айтсам кайненем менен бир үйгө чогуу жашагым келбей калды. Аны кылсам да, муну кылсам да жактырбайт. Жолдошум экөөбүздү уруштургусу эле келип турат. Анда эмнеге үйлөндүрдү билбейм. Ага мен жакпаймынбы же ыраа көрбөйбү, айтор түшүнбөй койдум. Бирок мен күйөөмдү жакшы көрөм, анын үстүнө ортодо кичинекей балабыз дагы бар.

Перизат Асылбаева, "Данакер" үй-бүлө бекемдөө борборунун психологу:

Международный фестиваль ремесленников Оймо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Сиз деле келин болгонсуз да... Кайнене кыжырды кайнатканда
Бул жерде келин кайненесин "Апа, мен сизди сыйлайм. Ушундай жигитти чоңойтуп, тарбиялаганыңыз үчүн рахмат" деп ыраазычылык сөзүн айтуу менен кепке тартып көрсүн. Себеби айрым ата-эне баласын өстүрүп-чоңойткондон кийин аны башка бирөөгө бергиси келбей, кызганышы мүмкүн. Эгер апасы менен сүйлөшүүнү ушундай жылуу сөздөр менен баштаса кайненеси жибип, аны жакшы кабыл алаар. Экинчиден, кайненесине жашырбай эле "балаңызды абдан жакшы көрөм, өмүр бою кол кармашып өтөбүз" деп сезимдерин ачык айтсын, кыйналып жатканын түшүндүрсүн. Ал дагы аял балким буга чейин ага маани бербеген апасы ойлонуп калаар. Ушундай ойлоп жатканын күйөөсүнө да сөзсүз айтсын. Себеби баласы дагы өз энесине "апа мен сизди башкача, келинчегимди өзүнчө жакшы көрөм" деп айтып, түшүндүрүшү керек. Эгер бизге кайрылган келиндин мүмкүнчүлүгү болсо, психологдун өзүнө келип көзмө-көз сүйлөшүп көрсүн. Үй-бүлөнү сактап калуу үчүн келин өзү отуруп алып эле чечим чыгарбай ой-толгоосун, кыйналып жатканын күйөөсүнө, кайненесине түшүндүрүп айтышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0