Кыйнап кымыз бербе, үй-бүлөсүнөн кабар ал! Чет элдик туристти туура тосуу этикети

© Фото / Геннадий ЗакировАла-Арча капчыгайындагы туристтер. Архив
Ала-Арча капчыгайындагы туристтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конок тоскон жагынан кыргыздар алдына киши салбасы белгилүү. Ошентсе да бөтөн эл, бөтөн маданияттан келген туристтерди татыктуу күтүп алуунун жол-жоболорунан билип койсок ашыкча болбос.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бир айдан кийин дүйнөнүн булуң-бурчунан Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын көргөнү коноктор келет. Ал эми туризмдин, ошол эле көчмөндөр оюндарынын биринчи максаты киреше табуу экенин баарыбыз жакшы түшүнөбүз.

Жергиликтүү элге сабак болсун деген ниетте 15 жылдан бери гид болуп эмгектенип, Бишкектеги туристтик компаниялардын бирин негиздеген Арлан Харовдон кеп-кеңеш уктук.

Үй. Ар бир турист жаңы барган өлкөдө жок дегенде бир үй-бүлөдө конокто болуп, чогуу тамактанып, сый көргүсү келет. Анткени өлкөнүн маданияты, каада-салты, жашоо-турмушу жөнүндө бир эле үй-бүлөдөн көрүп алса болот. Ошондуктан тоскон коногуңузду мейманканадан эле узатып жибербей, мүмкүнчүлүк болсо, жок дегенде бир күн үйгө чакырып коюңуз.

Ысык-Көл жээгиндеги эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз туризмине өзүбүз кыянат кылганда. Көлгө келем деп көңүлү калган казак боордош
Билмексен болбоңуз. Көчөдөн турист кезиктирип калсаңыз, сөзсүз учурашып, ал-жайын сураңыз. Андан эч нерсеңиз кемип кетпейт. Жылмайса, жылмайып коюңуз. Сөз арасында “Кандай жардам керек?”, “Кыргызстанга келип туруңуз” деген деген сөздөрдү кошо сүйлөңүз.

Убактысын уурдабаңыз. Экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө ар бир мүнөт акча менен ченелет. Ошондуктан, АКШ, Европа, Чыгыштын бай мамлекеттеринен келген туристтер убакыт жагынан тактыкты талап кылат. Биздин тажрыйбада 5 мүнөттүк кечигүүнүн айынан чатак чыккан учурлар болгон. Ал эми болжошкон жерге коноктон эрте барып күтүп турсаңыз, сый-урмат катары кабыл алышат.

Тил билбесе эмне болот? Эч маселе жок! Азыр Google Translate, Яндекс.Переводчик, Free Translation сыяктуу онлайн-котормочу программалардан көп нерсе жок.

Андан тышкары, манжалар менен жандап сүйлөшсө болот. Ишенип коюңуз, бул өтө кызыктуу. Чет элдиктерге алардын тилин билгениңиз маанилүү эмес.

Чылым чекпеңиз. Көпчүлүк чет элдиктер унаада же алардын жанына туруп чылым чеккендерди жактыра беришпейт.

Кыйнап кымыз бербеңиз. Тоодогу кыргыздар коногуна ак сунганды жакшы көрөт эмеспи. Башка өлкө эле эмес, башка континенттен келген адамдар айран-сүттү мындай кой, кээде сууга көнө албай кыйналышат. Ошондо сунуштаган кымызды сизди таарынтпайын деп ичип алган туристтин абалын элестетиңиз. Эгер кааласа өздөрү сурап ичет.

Пройти весь Кыргызстан за две минуты за руку с приятной девушкой — видео - Sputnik Кыргызстан
Сулуу кыз менен "жетелешип" Кыргызстанды эки мүнөттө кыдырып чыккың келеби? Видео
Туристтин баары чириген бай эмес. Көпчүлүк чет өлкөлөрдө улам жаңы жерлерди көрүп туруу маданияты калыптанган. Ошондуктан, дүйнө кыдырып жүргөндөндүн баары эле байлар эмес. Айрымдары айлап, жылдап айлыгынан үнөмдөп, акча чогулткандар. Андыктан Кыргызстанга келе жатканда эмненин канча турарын билип алышат. Бирок кеп баада деле эмес, турист аны алдап жатканын билип калса, капа болот.

Чыгыштан келгендер. Күн чыгыш өлкөлөрүнөн, өзгөчө Кытайдан келгендер үй-бүлө, бала-бакыра, жаш курак, хобби тууралуу ачык-айкын сүйлөшө беришет. Ал тургай анын жеке турмушуна кызыгып жатканыңызды сый катары кабыл алат. Дасторкон жагына келгенде, бир эле столдун үстүндө түрлүү тамактардын турушун каалашат.

Европалыктар. Официант, гид сыяктуу кызмат көрсөткөн адамдын кийим-кечеги такын болушун каалашат. Болгону европалыктарга коңшу өлкөсүнүн жетишкендиги тууралуу айта көрбөңүз. Мисалы, италиялыктар француз виносунун, англиялыктар немис унааларынын мыкты экенин уккусу келбейт.

Америкалыктар. Өзгөчө патриот келишет. Өздөрүнүн желеги, жадагалса андагы өңдөргө да өзгөчө мамиле кылышат. Негизи формалдык түрдө гана сүйлөшүп, өзүн  жаңы таанышкан адамдардан оолак кармашат. Бирок кеп үй-бүлөгө жеткенде ачылып кетишет. Анткени жанына ар дайым жакындарынын сүрөтүн ала жүрүп, алар тууралуу айтып бергенди жакшы көрүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0