Чүйдөгү кытай заводунда иштегендер жетекчисинин үстүнөн арыз жазды

© Sputnik / Эркин СадыковВоенно-Антоновка айылындагы кытай заводу
Военно-Антоновка айылындагы кытай заводу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлануучунун айтымында, директор ага кол көтөрүп, телефонун талкалап салган. Заводдун жетекчилиги түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Военно-Антоновка айылындагы кытай заводунун жумушчусу ишкананын башкы директору ага кол көтөрүп, денесине залал келтирип, материалдык чыгым тарттырганы үчүн милицияга арыз жазды. Бул тууралуу заводдун кызматкери Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Директор менен жумушчунун ортосундагы пикир келишпестик 27-июлга караган түнү болгон. Кызматкерлердин айтымында, ишкананын жетекчиси (Кытай жараны) фабриканын ашканасына мас болуп алып кирип кызматкерлерди жемелеген. Бригадирди (Кытай жараны) урушуп, жумушчулардын бирин чаап, телефонун талкалап салган.

"Бир нече шарт коюп сүйлөшүү жүргүздүк. Биринчиден анын кечирим сурашын талап кылдык. Андан кийин иштөө шартын өзгөртүү керектигин айтып, ден соолукка кооптуулук жараткан шартта иштеп жаткандыктан маянаны көтөрүүнү сурандык. Бирок ал баш тартты. Ошондой эле жаңжалды жумушчулар биринчи баштаганын жүйө келтирип кечирим сурабай турганын билдирди. Бирок көзөмөл камерасына тартылып калган видеодо бардыгы тескерисинче болгон", — деди жумушчу.

Кулак мужчины - Sputnik Кыргызстан
Анклавдагы кыргыз-өзбек жаңжалы. Окуя боюнча чек ара кызматы түшүндүрмө берди
Заводко Сокулук районунун милициясы келип, жабыркаган киши арыз жазып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ошондой эле окуя болгон жерге Сокулук райондук администрациясынын өкүлдөрү келип Эмгек кодексинин бузулушу боюнча көйгөйдү чечебиз деп сөз беришкен.

Жумушчулардын жарымы иштен кетүүгө даяр болсо, жарымы иштей берерин айтышкан.

Заводдун жетекчилиги аларда котормочу жок экенин жүйө келтирип, окуя боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Жаңылыктар түрмөгү
0