Нейл-мастер, оператор, кол өнөрчү. Азыркы студенттер кантип акча табат

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование национального праздника Нооруз в Бишкеке
Празднование национального праздника Нооруз в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык студенттер окуусуна залакасын тийгизбей, күнүмдүк баскан-турагына акча таап алган жумуштар аз эмес.

Биз иштеп жаткан студентти элестеткенде эле көз алдыбызга официант же сатуучу тартылат. Бирок бүгүн жогорку билим алып жаткандар акча табуунун башка дагы жолдорун таап алышкан.

Sputnik Кыргызстан агенттиги киреше булактары тууралуу студенттердин өздөрүнөн сурамжылады.

Үй жыйноочу. Аэлита Сулайманова 3-курстун студенти, эки жылдан бери үй чарбасына байланыштуу кызматтарды көрсөткөн ишканалардын биринде иштейт. Өзүнүн айтымында, бул жумуш каникул учуруна ылайыктуу.

“Жумасына 2-3 үйдү жыйнайбыз. Кардарлар каалаган учурда чакырып калгандыктан, кээде окууга тоскоол болот. Үйдүн чоңдугуна жараша бир кыз 300 сомдон жогору алат. Эгер кыздар ортомчусу жок эле кардар менен түз иштешсе, 500 сомдон 2 миң сомго чейин табышы мүмкүн. Бирок тааныштар аркылуу гана жумуш табылбаса, өз алдыңча кардар табуу татаал. Көбүнчө биздин кызматты чет элдиктер пайдаланат. Алар фирмаларга ишенишет”, — деди Сулайманова.

Кемчилиги — кардар качан чакырып каларын билбейсиң.
Артыкчылыгы — ишти 2-3 саатын ичинде бүтүп, акчаңды дароо колго аласың.

Бала багуучу. Бала багуучулардын бир нече сааттык кызматын сунуштаган компаниялар бар. Студенттер үчүн бул жумуш дагы ыңгайлуу. 2-курстун Сезим Орозбекова аттуу  студенти окуусу менен катар бала багуучу болуп иштеп келе жатканына бир нече ай болду. 

© Фото / Сезим ОрозбековаБала багуучу Сезим Орозбекова
Студентка Сезим Орозбекова - Sputnik Кыргызстан
Бала багуучу Сезим Орозбекова

“Ишке 20 жаштан жогору, бала кароо боюнча тажрыйбасы бар кыздарды алышат. Кыргыз, орус тилинде жакшы сүйлөп, кошумча англис, түрк же кытай тилин билсең жакшы. Медициналык факультетте окуган кыздарга артыкчылык берилет. Студенттерди көбүнчө бала кароого кафе, ресторан, жаратылыш койнунда эс алышса,  өздөрү менен кошо баргандай кылып чакырышат. Бир жакшы жери өзүңдүн да көңүлүң тынч. Себеби, сен карап жаткан баланын ата-энеси, жок дегенде энеси жаныңда болот. Эмгек акы саатына 300 сомдун тегереги, анын 30 пайызын фирма алат”, — деди Орозбекова.

Кемчилиги — кардар качан чакырып каларын билбейсиң.
Артыкчылыгы — акчаңды дароо колго аласың.

Официант. Көпчүлүк кафе-ресторандар жана түнкү клубдар кечкисин иштегендиктен, студенттерге сабактан чыгып жумушка баруу ыңгайлуу. Бишкектик студент Мырзайым Султанбекованын айтымында, бул жумуштун оң дагы, терс дагы жагы бар. 

© Фото / Мырзайым СултанбековаОфициант Мырзайым Султанбекова
Студентка Мырзайым Султанбекова - Sputnik Кыргызстан
Официант Мырзайым Султанбекова

“Мен кечкисин бир күн иштеп, бир күн бошмун. Кардар көп болгондо айына 20-25 миң сом табам. Бул акча контракт, батир акысы, кийим-кече жана баскан-турганга жетет. Бирок жумуштан чарчап калганда сабак окууга жетишпейм. Албетте тыңыраак болсоң, баарына убакыт табасың. Бирок кечкисин иштеген адам күндүз көп нерсеге жетише бербейт”, — деди Султанбекова.

Кемчилиги — уйкуң канбай, сабак окууга тоскоол болот.
Артыкчылыгы — айлыгы жакшы.

Владелец и сотрудники кафе Kulturcafe Нарын в городе Нарын - Sputnik Кыргызстан
Нарында кафе ачкан курбулар: Европада жүрүп канчалык артта калганыбызды түшүндүк
Тикмечилик. Эркинай Таалай кызы аттуу студент жогорку окуу жайда окугандарга тигүүчү болуп иштөө оор экенин айтат. 

"Мен тигүү цехинде топчу кадагыч жана таңгактагыч болуп иштейм. Бул жумуштарды сабактан чыкканда келип жасап койсоң болот. Ал эми толук кандуу тигүүчү болуш үчүн атайын убакыт бөлүшүң керек. Анткени, кээде товар жөнөтөр алдында 2-3 күнү таң аткыча иштеп калышың мүмкүн. Азыркы жумушум үчүн жумасына 5-7 миң сом алам”, — деди студент.

Кемчилиги — катуу чарчайсың.
Артыкчылыгы — айлыгы жакшы.

Компьютер кызматтары. Махмуд Кашгари-Барскани атындагы чыгыш университетинин 2-курсунун студенти Канат Алтынбек уулу окуу менен бирге студенттерге компьютер кызматын көрсөтүп иштейт. 

© Фото / Бактияр РаимкуловКомпьютер кызматтарын көрсөткөн Канат Алтынбек уулу
Студент Канат Алтынбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Компьютер кызматтарын көрсөткөн Канат Алтынбек уулу

“Ноутбук өзүмдүкү. Түстүү, жөнөкөй принтерлерди арендага алам. Түшкөн акчанын 25 пайызын ага берем. Эгер жабдуулар өзүңдүкү болсо, кадимки күнү 1 миң сомго чейин тапса болот. Модуль, экзамен учурунда жумасына 10 миң сомго чейин табылат. Бул каражат университетеке турган жердин иража акысын төлөөгө дагы кеңири жетет. Тыныгууларда же сабактан кийин иштей бересиң. Бирок сабактарына жетишпей жаткан кыздар-балдар иштебей эле койгону жакшы деп ойлойм”, — деди Алтынбек уулу.

Кемчилиги — принтердин боегу ден соолукка акырындык менен залака келтириши ыктымал.
Артыкчылыгы — бирөөгө көз каранды болбойсуң, "өзүңө өзүң хан, өзүңө өзүң бексиң".

Экзамен тапшырып жаткан абитуриент. Архив - Sputnik Кыргызстан
Университет, академияларды таппай жатасызбы? Өлкөдөгү ЖОЖдордун даректери
Кол өнөрчүлүк. Студенттер интернет аркылуу чакан ишкерлик кылганды үйрөнүп алышты. Мисалы, Ишеналы Арабаев университетинин студенти Рахима Жакыпова өзүнүн баракчасы аркылуу аялдар тагынган ар кандай шөкөт буюмдарды сатат.

“Кыз-келиндер үчүн шуру, билерик, сувенирлерди, колуктунун гүлдөрүн жасап, жумасына 5 миң сомго чейин табам. Убакытты туура бөлүштүрсө, бул иштин окууга залакасы тийбейт”, — деди Жакыпова.

Кемчилиги — майда иш болгондуктан көбүрөөк убакыт талап кылат.
Артыкчылыгы — бирөөгө көз каранды болбойсуң, "өзүңө өзүң хан, өзүңө өзүң бексиң".

Кыз-келиндерди сулуулай турган адиси. Кирпик коштуруу, каш чийдирүү, тырмакты шеллак технологиясы менен боетуу популярдуу болуп жаткандыктан, бул жаатта жумуш табуу татаал эмес. Андыктан студент кыздар бир нече айлык курстарды бүтүп алып, социалдык тармактарга баракчаларды ачып, кардар издешет. Ушундай жаш ишкерлердин арасында 2-курстун студенти Бегимай Сталбекова бар. 

© Фото / Бактияр РаимкуловКыз-келиндерди сулуулай турган адис Бегимай Сталбекова
Студентка Бегимай Сталбекова - Sputnik Кыргызстан
Кыз-келиндерди сулуулай турган адис Бегимай Сталбекова

“Бир күндө жок эле дегенде бир кардарга кызмат көрсөтүп, 500 сомдон жогору табам. Ал эми каникул учурда күнүнө 1-1,5 миң сомдон түшөт. Бул жумуштун жакшы жери окууга эч тоскоолдугу жок”, — деди Сталбекова.

Кемчилиги — атайын билим алып, тажрыйба топтомоюнча иштей албайсың.
Артыкчылыгы —  жумуш берүүчүдөн көз каранды болбойсуң.

Жарнама чаптагычтар. Бишкекте подъезддерге, жол боюндагы мамыларга, аялдамаларга жарнак чаптоо менен негизинен студенттер алектенет. Студент Элдос Калыбеков мунун жакшы жери жумуш берүүчү бул же тигил учурда жумушка чык деп талап кылуу жоктугун, болгону белгиленген мөөнөткө бүтүп берүү экендигин айтты. 

© Фото / Элдос КалыбековЖарнама чаптагыч Элдос Калыбеков
Студент Элдос Калыбеков - Sputnik Кыргызстан
Жарнама чаптагыч Элдос Калыбеков

“Мага элиталуу үйдөн 100 подъезд бөлүп беришкен. Ар бир айдын бешине чейин ошол жерге чаптала турган бардык жарнамаларды бүтүрүшүм керек. Андан соң аларды сүрөткө тартып жумуш берүүчүгө отчет берем. Негизи бул окууга тоскоол болбой турган жумуш, бирок жетишпей жаткаң, албетте окууну тандоо керек. Айлыгым 7 миң сом”, — деди Калыбеков.

Кемчилиги — кээде түн ичинде иштөөгө туура келет.
Артыкчылыгы — көп убакыт талап кылбайт.

Мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мектептеги баа тагдыр чечпейт! "Кулаган" абитуриентке министрлерден кеңеш
Оператор. Кыргызстандагы уюлдук компаниялар дагы студенттерди жумуш менен камсыз кылган ишканалардын катарына кирет. Алардын биринде оператор болуп иштеген Улан Исраиловдун айтымында, сегиз саатык жумушту каалаган учурга койдуруп, бир нече бөлүккө бөлүп алса да болот.

"Мен биринчи төрт саатын окууга чейин, андан киийнкисин окуудан кийин барып иштейм. Окуудан башка жумушу жок жаштарга ыңгайлуу график деп ойлойм. Айына 14-15 миң сом айлык алам. Мени менен иштегендердин көбү студенттер",  — деди Исраилов.

Кемчилиги — бош убакыттын аздыгы.
Артыкчылыгы — сылык-сыпаа жана токтоолук мүнөз калыптанат.

Жаңылыктар түрмөгү
0