Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Турсунбеков: Улан Эгизбаев сууга чөккөн маалда бир куткаруучу түшкү тамакка кеткен

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-спикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков
Экс-спикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков кырсык болгон учурда "Акун" пансионатынын аймагында болгонун айтты.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. ЖК депутаты Чыныбай Турсунбеков "Азаттык" радиосунун журналисти Улан Эгизбаевдин сууга чөгүүсү боюнча пикирин айтып, каргаша 22-июлда түшкү саат 1:30 менен 1:45тердин ортосунда болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигинин мултьимедиалык маалымат борборундагы тегерек стол учурунда билдирди.

Анын айтымында, Эгизбаев чөгүп кеткен пансионатта үч куткаруучу бар, алар ӨКМдин атайын сертификатын алышкан.

"Биздин үч куткаруучу ӨКМдин сертификатын алышкан. Окуя саат 1.30 менен 1.45тин ортосунда болуптур. Бул маалда бир куткаруучу түшкү тамактанууга кетип, бирөө нөөмөттө турган экен. Ал видеону мен да көрүп чыктым. Улан алыс кетпей эле, балдар сууга түшкөн жерде жүрүптүр", — деди депутат.

Журналист радио Азаттык Улан Эгизбаев - Sputnik Кыргызстан
Улан Эгизбаевдин денесинде шектүү тактар болгонбу? ИИМдин жообу
Ал ошондой эле журналистке 15 мүнөттөн кийин гана жардам көрсөтүлгөн деген маалыматтарды четке какты.

"Бул бир гана кишинин көрсөтмөсү. Бирок видеодо көрүнүп тургандай жардам жети мүнөттөн кийин болгон. Тилекке каршы кеч болуп калган", — деди Турсунбеков.

"Азаттык" радиосунун журналисти Улан Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатынын аймагында сууга чөгүп кеткен. Анын сөөгү 24-июлда Кочкор районунда Көк-Жар айылында жерге берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0