Сооронбай Жээнбеков: көк бөрүнү мен да ойногом, канды кызытып, өзүнө тартып турат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков принял Сабиру Солтонгельдиеву
Президент КР Сооронбай Жээнбеков принял Сабиру Солтонгельдиеву - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл көчмөндөр оюндары көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде 2-8-сентябрь күндөрү өткөрүлөт.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. ЮНЕСКО Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын колдоого алганын президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Бул тууралуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июлда ЮНЕСКО иштери боюнча КРдин Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиеваны кабыл алган учурда белгилүү болду.

Жээнбеков Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарына ЮНЕСКО патронатын бергени кыргызстандыктар үчүн чоң ийгилик деген. Андан сырткары, жети ай мурда көк бөрү оюнун материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизилгени бардык кыргызстандыктар үчүн чоң жетишкендик, сыймык жана жеңиш экенине токтолгон.

"ЮНЕСКОнун патронаты көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарынын эл аралык аренада кадыр-баркын арттырат. Көк бөрүнүн да деңгээлин көтөрүп, бүт дүйнөгө белгилүү кылып таанытканбыз. Көк бөрү — кыргыздардын байыркы жоокерчилик доорунан бери сакталып келген, кылым карыткан, муундан муунга мурас катары уланган жана бүгүн дагы эл арасына кеңири тараган оюн. Мен дагы бул оюнду ойногом, улам-улам ойногуң келип, өзүнө тартып турат", — деген Жээнбеков.

Мамлекет башчы ЮНЕСКОнун иштери боюнча КРдин Улуттук комиссиясынын катчылыгына аткарган жемиштүү иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0