Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу шаршембинин таңында ажылыкка жөнөшөт

© Фото / пресс-служба ДУМКПервый рейс на Мекку на паломничество с Оша
Первый рейс на Мекку на паломничество с Оша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар бир учуучу топто 300 зыяратчы сапарга чыгып, аларды 6 ажы башчы коштоп бармакчы.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Ажыга сапар алган кыргызстандыктардын алгачкы тобу шаршембиге караган түнү Бишкек — Медина багыты боюнча Сауд Аравияга учуп кетет. Бул туурасында муфтияттан билдиришти.

Зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ажылыкка аттангандар 25-июлдан тарта Сауд Аравиясына учат
Алгачкы топту узатуу салтанаты 24-июлдан 25не караган түнү саат 2:00дө Бишкектеги "Манас-2" эл аралык аэропортунда өтмөкчү.

Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан, Сауд Аравия падышачылыгынын Кыргызстандагы элчиси жана консулу, 2018-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча штаб башчысы Жоробай ажы Шергазыев катышмакчы.

"Ар бир учуучу топто 300 зыяратчы сапарга чыгып, аларды 6 ажы башчы коштоп барат. Ар бир жаран учуу графигинде көрсөтүлгөн мөөнөттөн беш саат мурда аэропортко барып, каттоого даярдануусу зарыл", — деп айтылат маалыматта.

Алгачкы топту коштоп баруучу ажы башчылар:

— Кабылбек Акматов;

— Сүйүнбек Нурдин уулу;

— Кенжебек Кекебаев;

— Сулумбек Узеналиев;

— Равшанбек Акимбай уулу;

— Шамсиддин Кадыров.

Жаңылыктар түрмөгү
0