Эртең Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө суу 12 саат өчүрүлөт

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүВодопроводный кран
Водопроводный кран - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия суу саат 10:00дөн тарта 22:00гө чейин болбой турганын айтты.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Борбор калаанын бир катар райондору 25-июлда суусуз калат. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабаралашты.

Сууну саат 10:00дөн тарта 22:00гө чейин өчүрүшөт. Ал Жибек Жолу проспектисинде, Токтогул, Калык Акиев жана Ала-Арча аймагында болбойт.

Төмөнкү жерлерде да өчүрүлөт:

— "Ала-Арча" көрүстөнү;
— "Берекет" ишканасы, "Кыял" бирикмеси;
— Ленин райондук соту;
— № 100 лицей;
— Ленин райондук салык инспекциясы;
— "Арпа" ишканасы;
— "Берекет-Гранд" ЖЧКсы;
— "Ош базары" ЖЧКсы;
— Индиянын элчилиги;
— № 31 мектеп;
— "Берекет-Универсал", "Берекет" соода комплекстери.

Сууну жабык түрдөгү "Берекет" АКсынын Кулиев көчөсүнө суу түтүгүн алып өтүш үчүн өчүрүлүп жаткандыгы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0