Улан Эгизбаевге жардамга 15 мүнөттөн соң келишкенби? "Акун" пансионатынын жообу

Жазылуу
Пансионаттын директору журналист чөгүп кеткен жер анча терең эмес болучу деп билдирген.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Журналист Улан Эгизбаев чөгүп кеткен "Акун" пансионатынын директору Бегимай Чыныбай кызы, окуяга күбө болгон кишинин "жардам 15 мүнөттөн кийин берилди" деген пикирине комментарий берди.

Буга чейин милиция 22-июлда "Акун" пансионатынын аймагында "Азаттык" радиосунун журналисти чөгүп кеткенин тастыктаган.

Ал эми окуяга күбө болгон Адилет Чубаков Facebook баракчасына пансионаттын куткаруучулары жардамга 15 мүнөттөн кийин гана келгендигин айтып, видео жайгаштырган.

Бегимай Чыныбай кызы бул маалыматты четке какты. Пансионаттын директору куткаруучулар окуя болгон жерге 7 мүнөттө келгендигин айтты.

"Кырсык кызматкерлер тамак ичкени кеткенде болгон. Бул учурда жээкте бир куткаруучу калган. Ал пляждын кооптуу деген жерлерине көз салып жүргөн. Ал эми пирстин жаны тайыз болгондуктан, балдар деле түшө берчү. Бир нерсе болгонун байкаган куткаруучу ал жерге 7 мүнөттө келген", — деп айтты ал.

Ал пляжда бир нече куткаруучулар иштээрин жана алар ӨКМдин суучулдарды даярдоочу борборунан окушкандыгын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0