03:41 23 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.3135
  • RUB1.0964
Россиянын полиция кызматы. Архив

КР ИИМи Москвада балдарды барымтага алды делгендер боюнча толук маалымат таратты

© Sputnik / Наталья Селиверстова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
344 0 0

Милициянын маалыматында, Москвада 22-июлда мас болгон эки киши аялдар жашаган үйгө кирип келип, бычак менен аларды коркуткан.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Москвада балдарды барымтыга алган кишилер Кыргызстандын жарандары эместигин КРдин Ички иштер министрлигининен билдиришти.

23-июлда Россиянын бир катар ЖМКлары балдарды белгисиз кишилер барымтага алганын жазып чыгышкан.

КР ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча бул иш боюнча шектелгендер Өзбекстанда туулган кишилер болгон.

Укук коргоо органдарынын версиясы боюнча өзбекстандык 24 жаштагы аял эки дос кызы жана балдары менен айтылган даректе батир алып убактылуу жашап жаткан. Болжол менен саат 23:00дөр чамасында Өзбекстандын 28 жана 29 жаштагы жараны кирип келет. ИИМдин билдиришинче, алар бычак менен аялдарды коркутуп акча, телефон жана баалуу буюмдарын талап кылышкан.

Батирдеги аялдар сыртка чуркап чыгышкан. Эркек кишилер беш жана жети жаштагы эки бала менен үйдө калып, байланышкан чыккан эмес. Саат 3:30дар чамасында полиция батирдин эшигин сындырып кирип, шектүүлөрдү кармаган. Алардын бирөө уурулук үчүн буга чейин соттолгону аныкталган.

Тема боюнча

КРде туулган жарандар Москвада балдарды барымтага алганбы? Полициянын жообу
Белгилер:
барымта, ИИМ, Россия, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ