ӨКМ: Чүй менен Ош облустарында сууга чөккөн эки кишинин сөөгү табылды

© AP Photo / Rick BowmerДарыя. Архив
Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, дем алыш күндөрү Кыргызстанда 6 киши чөгүп кеткен

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Куткаруучулар сууга чөгүп кеткен 16 жаштагы бала менен 32 жаштагы кишинин сөөгүн тапты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дем алыш күндөрү 6 киши чөгүп кеткенин, үч кишинин сөөгү табылбай жатканын маалымдаган.

Инструктор по первой помощи Касиет Мамырбаева - Sputnik Кыргызстан
Радио
Мамырбаева: суудан куткарылган кишини катуу жерге жаткыруу керек
16 жаштагы бала Ош облусунун Алай районундагы Тулпар-Көл көлүнө чөгүп кеткен. Ал тууралуу билдирүү 22-июлда 102 пультуна түшүп, окуя болгон жерге 11 куткаруучу тартылган. Бирок андан жыйынтык чыккан эмес.

Маркумдун сөөгү 23-июлда саат 10:15тер чамасында табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Ал эми Чүй облусунун Сокулук районунда чөгүп кеткен 32 жаштагы кишинин сөөгү да бүгүн, 23-июлда, саат 14:20лар чамасында табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0