Осмонбек Артыкбаев ооруканадан убактылуу кармоочу жайга которулду

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү ден соолугуна байланыштуу 10-июлда ооруканага жактырылган.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев ооруканадан убактылуу кармоочу жайга которулду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: Албек Ибраимовго жаңы айып тагылды, жер боюнча алдамчылык кылган
Артыкбаев Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык иштердин алкагында кармалган. Кийин аны тергөө аяктагыча камакта калтырышкан. Ден соолугу начарлаганына байланыштуу 10-июлда ооруканага жаткырылган болчу.

Ушул эле кылмыш иштин алкагында өлкөнүн мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаков жана Улукттук энегохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев дагы абакта отурат.

Жаңылыктар түрмөгү
0