22:36 19 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8031
  • EUR77.6699
  • RUB1.0915
Бишкектеги №3 шаардык медициналык Тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын ооруканасынын хирург-дарыгери, Кыргыз-Орус славян университетинин балдар хирургиясы кафедрасынын жетекчиси Калыбек Мыкыев

Унаа тебелеген бөбөктүн боору майдаланып кетип... Балдар хирургунун ыймандай сыры

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
3165 0 0

Кичинекей баланын ыйын уксаң жүрөгүң сыгылып, жаныңды коерго жер таппай каласың. Ал эми ок жеп, унаага тебеленип, көгала болуп сабалган, кордук көргөн бөбөктөрчү... Мындайды өз көзүң менен көрүү, болгондо да аралашып жүрүү өтө кыйын.

Бүгүнкү маектешибиз да медицина кызматкери. Бишкектеги №3 шаардык медициналык Тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын хирург-дарыгери, Кыргыз-Орус славян университетинин балдар хирургиясы кафедрасынын жетекчиси Калыбек Мыкыев менен Sputnik Кыргызстандын журналисти маектешти.

Хирургга медицинадан сырткары да суроолорду узатык, көркөм өнөргө жакын экендигин билгенге кызыктык. Бир тууган агасы КРдин Эл артисти Тууганбай Абдиев болсо, кантип таланттын тамчысы болбосун!

— Мен айылдык кызмын. Ата-энелер мугалим менен дарыгерлик жерде калбаган кесип деп барктап, балдарын окуткулары келет. Сиздердин убакта деле ошондой беле? Эмне себептен дарыгерликти тандап алдыңыз?

— Медицинага кокусунан келген жокмун. Бала кезде ооруп-сыктап кыйналган кездер болот, ал убакта айылда балдар дарыгери жок, фельдшер эле болчу. Ошондуктан медицина жактап пайдамды тийгизейин дедим. 

Заведующий кафедрой детской хирургии КРСУ Калыбек Мыкыев во время беседы
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Калыбек Мыкыев 44 жылдан бери өмүрүн балдар хирургиясына арнап келет

— Анда мектепти бүтүп эле университетке тапшырган турбайсызбы?

— Жок, мектепти бүткөндө университеттин экономика тармагына тапшырып көргөм, өтпөй калып Токтогулдагы айыл аралык курулуш менен совхоздо жумушчу болуп бир жыл иштедим. 1967-жылы өзүм көксөгөн медициналык институттун педиатрия бөлүмүнө өтүп калдым.

Биздин убакта окуу системасы абдан жакшы эле. 6-курста субординатураны окуп жүргөндө катардагы дарыгердин ордун толуктап калчубуз. Дарыгерлик тажрыйба алганга субординатурада чоң жардам берди, азыр аны жок кылып коюшкан. Азыркы студенттердей эртели-кеч университте камалбай, ооруканада бейтаптар менен жүрчүбүз. Биринчи операциямды акыркы курсумда эле жасагам. Экинчиден жумуш табуу көйгөйү жок эле, диплом алганга чейин эле саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү келип чекебизден чертип алып кетишчү. Жакшы окугандар чет өлкөдөн аспирантураны бекер окучу.

— Азыркы медициналык окуу жайлардын баасы "бир жылкыдан" кем эмес го, аны бүтүп деле жарытылуу айлык албайсың.

— Биздин заманда баардыгы бекер болчу. Алган стипендия жашаганга кенен жетчү. Өткөндө практикага бир студент келип арманын төгөт. Анын иштебей жатып медицинадан көңүлү калыптыр. Айтымында, алты жыл ичинде классташтары башка тармактагы окуусун бүтүп, иштеп, өздөрүнүн жашоосун толук каржылап калган, мен "окууну бүткөндө деле жарытылуу айлык албайм" деп капа. Биздин жумушта доктур болууга жүрөктөн гана берилүү керек го дейм. 

Заведующий кафедрой детской хирургии КРСУ Калыбек Мыкыев во время осмотров
© Фото / предоставлено Калыбеком Мыкыевым
Хирург-дарыгер Калыбек Мыкыев: жашоодо ак көңүл болгонум менен операция столунда токтоомун, оор басырыктуумун, кээде катаалмын

— Мурда бейтаптар дарыгерди кудайындай көрүп, баалап-баркташчу дейт. Азыр айрым бейтаптын же туугандарынын ак халатчандарга карата мамилеси көңүл кейитпей койбойт… Мен жанагы уруп-согуп, коркуткандарды айтам.

— Базар экономикасы бардыгын түп-тамыры менен өзгөрттү. Аны менен кошо биринчи кезекте эл, эл менен бирге медиктер өзгөрдү. Анткени кыргызда той-топур, жамандык-жакшылык деген бар. Чөнтөк жукарса, айла куруйт. Айрым кесиптештер напсисин тыя албай калды окшойт. Азыр адамдар кишини чөнтөгүнө карап мамиле жасайт. Бизди айлыгы аз экен дегенсип басынта берсе болмок беле?

— Ачууңузга тиет турбайбы?

— Мүнөзүм жумшак, алар менен кер-мур айтышып ак халатымдын баркын кетиргим келбейт. Жай, сылык жакшы түшүндүрсөң бардыгы эле түшүнөт.

— Сырттан караган кишиге балдар менен иштешүү оор сыяктуу сезилет.

— 1995-1996-жылдары мамлекет балдар дарыгерин даярдоону жоюп үй-бүлөлүк дарыгерге бириктирип койгон. Окууга педиатрия кесибине кабыл албай да калышкан. Эми элестетип көрсөңүз, педиатр деген түйүлдүк жаралгандан тарта баланын өткөөл курагына чейин карайт, өзгөчөлүгүн окуп үйрөнөт. Үй-бүлөлүк дарыгер жаш баладан тарта кары-картаңга чейин жооптуу. Ошол эле учурда ар тараптуулук жакшыбы же бир ишти майын чыгара билген оңбу деген суроо бар. Негизи балдар дарыгери болуу оңой эмес. Ар бир жаш курактын өзгөчөлүгү бар, жаңы төрөлгөн учуру, эмчек эмген мезгил, бала-бакча жашы, мектептеги курагы жана башка өзгөчөлүктөргө бөлүнүп, ар мезгилдин өзүнчө оорусу бар. Акыры педиатрия тармагын жоебуз дегендер максатына жеткен жок. Көп өтпөй Кыргыз-Орус Славян университетинде, андан соң медициналык окуу жайларда балдар дарыгери бөлүмү ачылып, ордубузду жоготпой калдык. 

Заведующий кафедрой детской хирургии КРСУ Калыбек Мыкыев во время беседы
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Калыбек Мыкыев: өзүмдү балдар хирургу болгонума бактылуумун деп эсептейм. Кайрадан жаралып калсам ушул эле кесипти тандамакмын.

— Эгер психологиялык жактан алып карасакчы?

— Жашоодо ак көңүл болгону менен операция столунда токтоомун, оор басырыктуумун, кээде катаалмын. Ыйлабасам да, боорум ачышып, катуу кейийм. Түнү ойгонуп, кирпик какпаган убактар болот. Иштеги ар кандай оор окуялар тынч жаткырбайт.

— Дарыгерлик ишиңизде миңдеген бейтапты кабыл алсаңыз керек, эстен кетпегени кайсыл болду?

— 44 жылдык иш тажрыйбамда көп окуя менен коштолду. Илгери мен Ошто иштеп жүргөндө боору майдалана жарылып кеткен жети жашар баланы алып келишти. Агасы байкабай Москвичти артка айдаганда үстүнөн тебелетип алыптыр. Операция убагында эки жолу жүрөгү токтоду. Алты саат бел чечпей алыштык. Жалпысынан 15 литр кан, суюктук куюлду. Кызыгы кандын тобу төртүнчү болчу, туугандарын чакыртып ар кошкон кылып куя бердим. Жашап кетүүгө тамчыдай гана мүмкүнчүлүгү бар эле. Операциядан 1,5 сааттан кийин барсам өзү дем алып жатыптыр. Эч нерсе болбогондой үч жумадан кийин чыгып кетти. Адамдын ичээр суусу түгөнмөйүнчө ажал миң  торуса да өлбөйт тура. Абдан таң калдым, орусча айтканда "чудо" болгон. 
Акын, дастанчи и комузист Тууганбай Абдиев с семьей
© Фото / из семейного архива Абдиевых
Хирург үй-бүлөсү менен

— Билем, дарыгерлер үчүн каза тапкан бейтаптарды эстеген оор. Ошентсе да көз алдыңыздан кетпеген учурду ин айтып бересизби?

— 1991-жылы үч жашар бала автоматтын огун жеп келди. Агезде Ошто тополоң болуп жаткандыктан атайлап атып кетти деп ойлогонбуз. Көрсө, атасы дивандын астына огу бар автоматты бекитип коюп койгон экен. Бала оюнчугун түшүрүп ийсе керек, колун салганда машаа басылып кетиптир. Ок кирген жеринен айланын отуруп, анан бир жерден чыгат экен. Баланын ички органдарынын баарын жыртып, тешип кетиптир. Ооруканага келгенде жүрөгүнөн кадимкидей кан атып жатты. Көкүрөгүн ачып жүрөктөгү тешикчелерди тигип жибердим. Жүрөгү аздан иштеп баштаган. Бирок жарым саатка жетпей чарчап калды…

Шалаакылыктын айынан, же убагында карабай каза тапкандар болгон жок. Өзүмдү балдар хирургу болгонума бактылуумун деп эсептейм. Кайрадан жаралып калсам ушул эле кесипти тандамакмын. Бөбөккө өмүр берип, ата-энесинин чын-жүрөктөн батасын алууга эмне жетсин.

— Учурда балдар кандай оору менен көп келишет же түшөт?

— Балдардын тубаса хирургиялык оорулары көбөйүүдө. Бала түйүлдүк кезде энеси убагы менен дарыгерге көрүнүп турушу зарыл. Андан башка кокусунан жаракат алган балдар көбөйдү. Маселен, бийик кабаттан кулап кеткен, оокат-кече басып калган, химиялык заттарга уулангандар келет. Сураштыра келсең, күнөө балага көңүл бурбаган чоңдордо. Кээде ушундай көңүл кош ата-энелерди мыйзам жүзүндө жоопко тарткан беренелер иштелип чыкса деп ойлоп кетем.

Маселен, жакында бир бала короосундагы мөмөнү жейм деп бактын башына чыгып кулап кетиптир. Андан мурда үч жашар кыз "Фанта" аталышындагы суусундуктун бөтөлкөсүнө куюлган химиялык уулу затты шире деп ичип алган. Балдарга жакындары көз салып турса болот эле да!

—1998-жылы "Бишкек шаарынын мыкты дарыгери" наамын алыптырсыз, жагымдуу күндөрдүн бири болсо керек?

— Сынакка Бишкек шаарынын 50гө жакын мыкты дарыгери күч сынашкан. Конкурста медицинага байланыштуу суроолор берилип, ыр-бий менен коштолгон. Тапшырмаларды татыктуу аткарып "Супер байге" — эки бөлмөлүү батир утуп алгам. 

Заведующий кафедрой детской хирургии КРСУ Калыбек Мыкыев с братом акыном, дастанчи и комузистом Тууганбаем Абдиевым
© Фото / из личного архива Калыбека Мыкыева
Калыбек Мыкыевдин бир тууган агасы КРдин Эл артисти Тууганбай Абдиев болгон

— Facebook тармагында КРдин Эл артисти Тууганбай Абдиевдин бир тууган иниси экениңизди окудум. Сизде дагы төкмөлүк өнөр барбы?

— Төкмөлүк жок, кудайдын бергени баарына эле буюрбайт. Бала кезимде дарыгер анан сүрөтчү болсом деп эңсейт элем. Студент кезде адамдар көп топтолгон жерлерде, вокзалдарда, сейил бактарда, тоого барганда тартчумун. Бала чагымда ыр жазып коёт элем, таштап койдум. Обон созбогон кыргыз жок эмеспи, керек болгон жерлерде ырдап, комуз чертем.

— Туура он жыл мурда кыргыз журту, бөтөнчө сиз үчүн оор жоготуу болду десек болот. Өтүп кеткен агаңыз тууралуу кайсыл окуялар көбүрөөк эсте?

— Агам экөөбүздүн арабыз 13 жаш. А киши чыгармачылык менен жүрүп үйгө анда-санда келчү, 2-3 жылда бир көрчүбүз. Аябай сагынып куса болот элем, бирок  кат жазып турчумун. Мектепке али бара электе калем менен кагаз алып келип берет эле, ошонусу сүрөт тартышыма түрткү болду окшойт. Келечекке умтулган прогрессивдүү адам эле, мектепте жүргөнүмдө почта аркылуу адабий китептерди, орусча-кыргызча сөздүктү салып турчу.

Агам убакытка так болчу.  Кээде шашып кетмейи бар эле. Өзүнүн айтымында, бир жолу Кара-Балтага артисттер менен шашып барып, үйдөгү тапичкеси менен чыгып алыптыр. Ичинде кири жок, таза, улуу-кичүүгө бирдей мамиле кылган, жагынганды жаман көргөн, бетке айткан, хандан-бектен кайра тартпаган  киши эле.

Бир жолу жогорку кызматтагы адамдар менен отурганбыз, аларга жакшы нерселерди айтып берип көңүлдөрүн ачайын деп отурса, бир министр (атын айтпайын) жактырбагансып чыртыйса, "сендей министр менен отурганча, бир тамеки чегип келейин" деп туруп кеткен. Ошол жердеги улуу кызматтагы киши министрди "Тукам элдин кишиси, капа болбо" деп жубатып калган. Агам кайра кайра киргенде баардыгынын көңүлүн ачып, күлдүрүп улап кеткен. 

Заведующий кафедрой детской хирургии КРСУ Калыбек Мыкыев во время беседы
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мыкыев Бишкектеги №3 шаардык медициналык Тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын хирург-дарыгери жана Кыргыз-Орус славян университетинин балдар хирургиясы кафедрасынын жетекчиси катары эмгектенет

— Социалдык тармакта активдүү экениңизди байкадым, сиздей курактагы адамдардын интернетке убакыт бөлүшү чанда го дейм.

— Жаштарга стимул бергим келет. Жакшы маанай тартуулочу постторду киргизем. Көбүнчө фотоаппаратка тартылган жаратылыш сүрөттөрүн жүктөгөн жагат. Карылыкка алдырбаганга аракет кылып жатабыз, дайыма кыймылда болсоң пайдасы эле тиет. Интернеттин дагы чоң пайдасы бар. Лекцияга даярданганда, дүйнөдөгү жаңылыктарды студенттерге бериш керек, ал жумушта да керек, анткени жаш доктурлар карап турат.  Окуу жана илимий макалаларды жазыш үчүнКөбүнесе программалар менен иштейм. Көп жылдан бери КМШ өлкөлөрүндөгү балдар хирургдары менен байланыштамын, алар менен кабарлашып, кат жазышып турам.

Тема боюнча

Жансыз бейтапты кучактап ыйлап, кечирим сурадым... Хирургдун маеги
Куткаруучу: аялдын үзүлүп калган бутун көрүп өзүбүздү жоготуп койдук
Жүз жашка чыкты! Туңгуч аял хирург Какиш Рыскулова тууралуу 8 факты
Белгилер:
хирург, оору, дарыгер, бейтап, балдар, Калыбек Мыкыев

ЭҢ МААНИЛҮҮ