Бишкектин бир катар көчөлөрүндө 20-июль күнү жарык өчөт. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековЗамена старых изоляторов сотрудниками НЭСК
Замена старых изоляторов сотрудниками НЭСК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын бригада көмөк чордондорду калыбына келтирүү иштерин аткарат.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. 20-июлда Бишкектеги 34 көчөдө жарык өчүрүлө тургандыгын "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Атайын бригада көмөк чордондорду калыбына келтирет жана жарык берүү линияларынын тирегичтерин түздөшөт, ошондой эле жаңы түркүктөрдү орнотуп, дагы бир нече иштерди аткарышат.

Жарык берүү төмөнкү көчөлөрдө үзгүлтүккө учурайт:

— 09.00 – 11.00 — Жаш гвардия гүлбагында, Фрунзе, Абдумомунов, Калык Акиев, Темирязев, Үмөталиев жана Рыскулов көчөлөрү;

— 09.00 – 14.00 — Алматы көчөсүндө, Жибек Жолу проспектисинде (Аламүдүн районунун көчөсү);

— 09.00 – 17.00 — Древесная, Осмонкул, Күрөңкеев, Панфилов жана Эстонский көчөлөрү;

— 09.00 – 18.00 — Кривоносов, Циолковский көчөлөрү, Луцкий кууш жолу;

— 09.30 – 17.00 — Тыныстанов жана Медеров көчөлөрү;

— 09.30 – 18.00 — Боталиев, Кызыл-Кыя көчөлөрү, Измайловский, Дарханский, Саруу көчөлөрү, Ужгород туюк көчөсү;

— 11.30 – 13.00 — Леваневский, Абдыкадыров, Шмидта, Тайшетская, Красная жана Матыева көчөлөрү;

— 15.00 – 17.00 — "Арча-Бешик" конушу (Эр-Тайлак, Камбар-Ата жана Арча-Бешик көчөлөрү).

Жаңылыктар түрмөгү
0