Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Консультант: педофилдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи насилия над детьми в КР
Случаи насилия над детьми в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперттин айтымында, педофилдерге карата өлүм жазасы менен химиялык бычууну киргизген менен жыйынтык бербейт.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Педофилдерге карата катаал чараларды көрүү алар менен сүйлөшүүгө караганда аз жыйынтык берет. Мындай пикирин Саламаттык сактоо министрлигинин далилдүү медицина боюнча консультанты Бермет Барыктабасова Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда болгон жыйында билдирди. 

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваКонсультант Минздрава КР по доказательной медицине Бермет Барыктабасова
Консультант Минздрава КР по доказательной медицине Бермет Барыктабасова - Sputnik Кыргызстан
Консультант Минздрава КР по доказательной медицине Бермет Барыктабасова

Ал өз сөзүндө буга чейин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары педофилдерди химиялык жол менен бычууну демилгелеп чыгышканын айтты. Ошону менен бирге эле өлүм жазасын киргизүү маселеси да көтөрүлгөн. Анын айтымында, медицина кызматкерлери бул маселени тереңден изилдеп, дүйнөдө бул көйгөй он жыл мурун эле көтөрүлгөнүн аныкташкан.

"Абакка кесилген миңдеген кишилерге түрдүү жазаларды колдонуп көрүшкөн. Химиялык жол менен бычуу зордукчунун аң-сезимине таасир бербейт. Кылмышкерлер менен сүйлөшүү гана жакшы жыйынтык бере алат. Педофилия — бул парапсихологиялык бузулуу. Зордукчулардын өзү кичинекейинде ошону башынан өткөрүшү мүмкүн. Бул кайрадан кайталана берген нерсе", — деди ал.

Барыктабасова ошондой эле педофилдерди мыйзам боюнча жазага тартуу керектигин баса белгиледи. Ошол эле учурда жазалоо аракеттери да аны түзөтүү максатында болушу шарт экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0